Бекешев: Мурда Максим Бакиевге таандык жерлер Президенттин иш башкармалыгына өттү

Өлкөнүн экинчи бозгун президентинин уулу Максим Бакиевдин Бишкектин Скрябин көчөсүндөгү 45 жана 45а даректеринде жайгашкан мурдагы жер тилкелери Президенттин иш башкармалыгынын менчигине өттү. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешевдин Мамкурулуш агенттигине жолдогон сурам катынын жообунда айтылат. Эл өкүлү аны Телеграм каналында жарыялады.

Документте аянты 1, 287 га жерде (15 кабатка чейин) көп кабаттуу үйлөр жана бала бакча курулары айтылат. Курулуш долбоору «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемесинин Шаар куруу кеңеши тарабынан жактырылганы, бирок Президенттин иш башкармалыгынын курулушту баштоого азырынча уруксаты жок экени белгиленет.

Google Earth’тен скриншот.

2017-жылы парламенттик комиссия мурда Максим Бакиевге таандык жердин мыйзамсыз сатылышына Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрүнүн тиешеси бар экенин аныктаган. Комиссиянын маалыматы боюнча, Скрябин көчөсү, 45а дарегинде жайгашкан 1,28 гектар аянтты ээлеген жер камакта турганына карабстан жеке колго сатылып кеткен.

Ошол убакта Мамлекеттик каттоо кызматын жетектеп турган Тайырбек Сарпашев аталган жердин базар баасы 3 млн доллар экенин билдирген, бирок жер болгону 2,5 млн сомго сатылып кеткен. Жерди Максим Бакиевге таандык «Глобал Эдвертайзинг» компаниясынан Элдар Туратбеков аттуу жаран сатып алганы кабарланган.

2022-жылдын декабрында Дастан Бекешев Twitter барагында Скрябин көчөсү 45-45а дарегинде «кандайдыр бир курулуш пландалып жатканын» жазган.