Бишкек мэриясы көчө жарыктарын өчүрүп турарын билдирди. Бул эмне үчүн кооптуу?

Бишкек мэриясы 24-январда шаар тургундарына «катуу суукка» жана электр энергиясын керектөө көбөйгөнүнө байланыштуу шаардагы көчө жарыктарын түнкүсүн жарым-жартылай өчүрүп турууну чечкенин билдирди.

«Ири аварияларды, энергетикалык жабдуулардын иштен чыгышын болтурбоо максатында жана түнкүсүн көчө жарыктары жок кезде жол-транспорт кырсыктарынын тобокелдиктерин эске алуу менен, электр энергиясына эң көп күч келген убакта көчө жарыктарын фазалык өчүрүү киргизилүүдө», — деп айтылат мэриянын шаардыктарга кайрылуусунда.

Муниципалитеттен электр жарыгы бульварларда, парктарда, гүл бак жана веложолдордо өчүрүлөрүн кошумчалашты. Ошондой эле, «энергосистемадагы» абал турукташканга чейин жарнамалык шиттердеги жарыктар да өчүрүлөт.

Эмне үчүн мэриянын демилгеси туура эмес?

Peshcom демилгечи тобунун журналисти Алексей Журавлёвдун айтымында, 2021-жылдын күзүндө Улуттук энергохолдинг дагы ушундай эле чектөөлөрдү киргизүүгө аракет кылган. Алар аны шаардыктар үйгө саат 11ге чейин барып калышы керек деп түшүндүрүшкөн. Бирок бул идея дароо эле унутта калган.

«Адамдар азыр деле, ошол кезде деле жарыкты өчүрүү чаралары электр энергиясын үнөмдөө үчүн киргизилип жатаканын түшүнүшкөн. Бирок кышында коомдук жайларда электр жарыкты өчүрүү, таптакыр туура эмес жана кооптуу», — деп эсептейт ал.

Журавлёв Бишкектеги бульвар, гүл бак жана парктарды дагы деле коопсуз, жарык жана жакшы шарттар түзүлгөн деп айтууга болбостугун эске салды.

«Шаардык жана мамлекеттик аткаминерлер түнкүсүн аталган жайларда жүрбөйт окшойт. Шаардын жөө адамдары жана велосипедчилери пайдаланган жайларда жарыкты өчүрүү — жаракат алууга алып барат: тайгак, кылмыштуулуктун деңгээлинин жогорулашы, жөө жүргүнчүлөрдү коюп кетүү, ошондой эле, авто жолдор жана коомдук транспорттогу тыгындын жогорулашы жана башкалар. Жалаң эле автожолдор жарык болуп турса ким эле жөө баскысы келсин?» — деп суроо салды ал.

Эмне кылган оң?

Peshcom кыймылынын журналистинин пикиринде, кышкысын коомдук жайларда жарыкты өчүргөндүн ордуна муниципалитет шаарды акылдуу жарыктандыруу системасын жөнгө салышы керек.

Андай система, анын айтымында, фонарлар электр энергиясын канча жеп атканын датчиктер менен же аралыктан туруп башкарууга мүмкүндүк берет, «анан дагы бул маселе жылдан жылга эле чечилбей жатпайбы».

Ызгаардагы жарык өчүрүүлөр

Катуу сууктан улам өлкөнүн көпчүлүк аймагында электр жарыгы өчүрүлүп жатат. Айрым тургундар жарык бир нече саатка эле эмес, күн бою өчүп жатканын айтып нааразы болушууда. Буга жооп катары Энергетика министрлиги электр энергиясын өчүрүүнүн бекитилген графиктерин жарыялай баштады.

Өз кезегинде бийлик суук түшкөндөн бери электр энергиясын маал-маалы менен өчүрүүлөр болуп жатат деген маалыматты четке кагып, бул өчүрүүлөрдү «жөнгө салуучу чаралар» деп атап жатат.

Буга чейин энергетиктер тургундарды «жабдууларды күйүп кетүү жана иштен чыгып калуудан сакташ үчүн электр жарыгы өчүрүлүп турушу мүмкүн» деп эскертишкен.

Энергетиктер азыркы суукта кыргызстандыктар электр энергиясын эң көп керектеп, ал рекорддук чекке жетип жатканын белгилешүүдө. Улуттук энергохолдингдин башчысы Таалайбек Байгазиевдин айтымында, айрым күндөрү керектөөнүн суткалык көрсөткүчү 76,4 миллион кВт/саатка чейин жеткен.

Ал эми 21-январда президент Садыр Жапаров үстүбүздөгү жылдын май айынан тарта электр энергиясына болгон баа 0,77 тыйындан 1 сомго кымбаттай турганын билдирген. Ошондой эле ал өлкөдөгү электр жабдыктары дээрлик 80%га эскиргенин, ал эми электр тармактарынын карызы 137 миллиард сомду түзөрүн белгилеген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Садыр Жапаров май айынан тарта электр энергиясына болгон баа кымбаттай турганын билдирди