Улуттук энергохолдинг: Маал-маалы менен өчүрүүлөр болгон жок, «жөнгө салуучу иш-чаралар» болуп жатат

«Кыргызстандын улуттук электр тармагынын» жетекчиси Алтынбек Рысбеков 16-январдагы маалымат жыйында сууктан улам өлкөнүн айрым аймактарында болуп жаткан жарык өчүүрүлөр туралуу айтып берди.

Рысбеков маал-маалым менен өчүүрүлөр болуп жатат деген маалыматты дароо четке какты. Анын айтымында, бул өчүрүүлөр «жөнгө салуучу» болуп эсептелет.

«Биздин жабдуулар, трансформаторлор, электр линиялары жана башкалардын, бардыгынын техникалык мүнөздөмөлөрү, жүктөмдүн нормалары бар. Мисалы, трансформаторду 100%га гана жүктөсө болот, андан ашып кетсе, көйгөйлөр жаралат. Катуу суукка байланыштуу ушундай иш чаралар көрүлүдө», — деди тармактын башчысы.

Рысбеков мекеме жабдууларына 100%га чейин жүктөм арта аларын, бирок электр энергияны керектөө көбөйгөндө «жөнгө салуучу чараларсыз» абалдан чыга албасын түшүндүрдү.

«Бул деген жарыкты маал-маалы менен өчүрүү дегендик эмес, жабдууларды сактап калуу максатында өчүрүүлөр болууда. Биз электр энергияны жөнгө салуу максатында мындай кадамга барып жатабыз. Өлкө аймагында 240-250 авариялык бригада күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Бир жерде өчүрүү болсо, ыкчам түрдө оңдогонго аракет кылып жатабыз», — деп кошумчалады ал.

13-январда «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» жабдууларды сактап калуу үчүн жакынкы күндөрү өчүүрүлөр болушу мүмкүн деп билдирген.

Мекеме жарандардан бир учурда бир нече тиричилик техникасын колдонбоого, электр энергиясын үнөөмдөнү суранган. Мындан тышкары энергетиктер кыргызстандыктар өлкөнү электр энергиясы менен туруктуу камсыз кылууга жооптуу экенин эскертишкен.