Садыр Жапаров май айынан тарта электр энергиясына болгон баа кымбаттай турганын билдирди

Садыр Жапаров. Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы / Султан Досалиев

Президент Садыр Жапаров үстүбүздөгү жылдын май айынан тарта электр энергиясына болгон баа 0,77 тыйындан 1 сомго кымбаттай турганын билдирди. Бул тууралуу өлкө башчысы 21-январда фейсбук барагына жазды.

«Антпесек энергетика тармагыбызды биротоло жоготуп алуу коркунучу бар. Себеби, бүгүнкү күндө өзүбүздөн өндүрүлгөн электр энергиянын өздүк наркы Токтогулда чыккан жерден 21 тыйын болгону менен, энергетиктердин эмгек акысы, эскилиги жеткен трансформаторлорду, зымдарды, мамычаларды алмаштыруулар кошулуп отуруп 1 кВт саат электр энергиянын өздүк баасы 2 сом 38 тыйынды түзөт», — деди ал.

Жапаров учурда өлкөдө «веердик өчүрүүлөр болбогонун» айтып, мөөнөттүк өчүрүүлөрдү «электр жабдыктарды сактоо жана авариялык өчүрүүнү алдын алуу максаты» менен түшүндүрдү.

Президент өлкөдөгү электр жабдыктары дээрлик 80%га эскиргенин, ал эми электр тармактарынын карызы 137 миллиард сомду түзөрүн белгиледи.

Анын айтымында, электр энергиясын колдонуу 1991-жылы 9 миллиард кВт/саатты түзсө, азыркы тапта бул көрсөткүч болжолдуу 16 миллиард кВт/саатка өскөн.

«Так кесе айтсам, энергетика тармагыбыз чала жан болуп калган. Акыркы 15 жылдан бери кышында өзүбүздөн чыккан электр энергия жетпей, кошуна өлкөлөрдөн 3 миллиард кВт саат электр энергиясын 3 сомдун тегерегинде сатып алып келебиз. Мурда 5 сомго чейин алып жүргөн экенбиз. [...] Кудай буюрса кыштан жакшы эле чыгабыз. Анча-мынча ыңгайсыздыктарды жараткан болсок жалпы элден кечирим сурайбыз», — деп билдирди Жапаров.

Чилдедеги жарык өчүрүүлөр

Катуу сууктан улам өлкөнүн көпчүлүк аймагында электр жарыгы өчүрүлүп жатат. Айрым тургундар жарык бир нече саатка эле эмес, күн бою өчүп жатканын айтып нааразы болушууда. Буга жооп катары Энергетика министрлиги электр энергиясын өчүрүүнүн бекитилген графиктерин жарыялай баштады.

Өз кезегинде бийлик суук түшкөндөн бери электр энергиясын маал-маалы менен өчүрүүлөр болуп жатат деген маалыматты четке кагып, бул өчүрүүлөрдү «жөнгө салуучу чаралар» деп атап жатат.

Буга чейин энергетиктер тургундарды «жабдууларды күйүп кетүү жана иштен чыгып калуудан сакташ үчүн электр жарыгы өчүрүлүп турушу мүмкүн» деп эскертишкен.

Энергетиктер азыркы суукта кыргызстандыктар электр энергиясын эң көп керектеп, ал рекорддук чекке жетип жатканын белгилешүүдө. Улуттук энергохолдингдин башчысы Таалайбек Байгазиевдин айтымында, айрым күндөрү керектөөнүн суткалык көрсөткүчү 76,4 миллион кВт/саатка чейин жеткен.

ТЕМА БОЮНЧА:

Өлкө боюнча жарык өчүрүүнүн графиги жарыялана баштады — жарык орточо 1-2 саатка өчөт

Улуттук энергохолдинг рейд жүргүзүп бизнестин электр энергиясын өчүрүп жатат