Өлкө боюнча жарык өчүрүүнүн графиги жарыялана баштады — жарык орточо 1-2 саатка өчөт

Энергетика министрлиги Фейсбуктагы барагында электр энергиясын өчүрүүнүн бекитилген графигин чыгара баштады. Документтердин басымдуу бөлүгү 18-январдан тартып айдын аягына чейин күчүндө болот, айрымдарында чектөө 2022-2023-жылдын күз-кыш мезгилдерине киргизилип жатканы айтылат.

Жарык негизинен саат 7:00дөн түн жарымына чейин өчүрүлөт. Жарык берүү орточо бир-эки саатка токтотулуп турат.

Бишкек боюнча жарык өчүрүүлөрдүн графиги менен «Бишкек электр тармактар ишканасынын» Фейсбуктагы барагынан, Ош боюнча — бул жерден, ал эми башка облустар боюнча — бул шилтемеден таанышса болот.

Жогорку Кеңештин 19-январдагы жыйынында энергетика министри Таалайбек Ибраев азыркы тапта кыргызстандыктар электр энергиясын керектөө боюнча рекорддук чекке жетип атканын дагы бир жолу эске салды.

Министр электр энергиясы графикке ылайык бир нече саатка өчүрүлүп турбаса, трансформаторлор иштен чыгып калышы мүмкүндүгүн, ал эми аларды оңдоого бир жарым айга жакын убакыт керектелерин билдирди.

«Бүгүнкү күнү бизде авариялык чектөөлөр жок. Болгону жабдыктарды сактап калалы деп жатабыз. Бир 110 мегавольттук трансформатор 700-800 миң доллар турат […] Мисалы, “Ала-Арча” көмөкчордону өчсө, Бишкек такыр эле жарыксыз отурупк алат», — деди министр.

Улуттук энергохолдингдин башчысы Таалайбек Байгазиев жарыкты график менен өчүрүү «аргасыз чара» экенин белгиледи.

«Буга чейин маал-маалы менен өчүрүү жок болчу. Биз жүктөм көп болгон жабдыктарды гана өчүрүп жатканбыз. Бирок акыркы күндөрү сутка ичиндеги керектөө 77 млн кВт саатка чейин чыгып кетти […] Кышка даярдык болгондо мындай чоң керектөө болот деп ойлогон эмеспиз. Мына декабрда деле суук болуп жаткан. Ал мезгилде суткалык керектөө 64-66 млн кВт саат болчу — бүгүнкү күнү 77 млн кВт саатка чыкты. Бизде мынчалык өндүрүү жок. Буга чейин келишим боюнча электр энергиясы Казакстан менен Түркмөнстандан келип турчу, азыр алардын муктаждыгына карап [бизге] келбей жатат. Ошондуктан ушундай чектөөлөр кирип жатат», — деп белгиледи ал.

Январдын башында аномалдуу суук түшкөндөн бери өлкө боюнча электр энергиясы маал-маалы менен өчүрүлүп жатат. Бийлик аны «жөнгө салуучу чаралар» деп атап жатат.

Парламент депутаттары аномалдуу суукта электр жарыгы үзгүлтүккө учурап жатканы үчүн Таалайбек Ибраевди энергетика министри кызматынан алуу маселесин көтөрүштү. Аткаминер өзү кызмат ордуна жабышпаганын, бүгүнкү кырдаал ведомствонун кышка даярдыгы жоктугунан эмес, «генерация маселесинен» улам түзүлгөнүн белгиледи. Ошондой эле Ибраев Кыргызстан СССР убагынан бери бир дагы чакан ГЭС курбаганын, ал эми электр энергиясын керектөө жылдан жылга өсүп жатканын кошумчалады.

Дагы окуңуз: Икрамов: Энергетика министрлигине Ибраев келсе эле өлкөдө жарык өчүрүлө баштайт