Factcheck: Президент Садыр Жапаров декларацияда жубайынын бизнесин көрсөткөн эмес

Factcheck’тин журналисттери президент Садыр Жапаровдун жубайы Айгүл Жапарова «Ак-Үмүт» компаниясынын ээлеринин бири экенин аныкташты. Бул компанияны мамлекет башчысы 2021-жылга карата декларациясында көрсөтпөй койгон.

Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, «Ак-Үмүт» компаниясынын негиздөөчүлөрү — президенттин жубайы Айгүл Жапарова жана парламенттин экс-депутаты Адыл Жунус уулунун мурдагы аялы Туран Турсун кызы. Бул компания коммерциялык ишмердүүлүк жана башкаруу маселелери боюнча консультацияларды берет, компанияны Жазгүл Рысбек кызы жетектейт.

Factcheck’тин журналисттери фирма тууралуу уюштуруу документтеринен тышкары башка эч бир маалымат таба алышкан эмес — компаниянын сайты да, соцтүйүндөрдө барактары да жок. Бирок «Ак-Үмүт» ачылгандан бери салыктарды туруктуу төлөп келет. OsOO.kg сайтындагы маалыматка ылайык, компания 2021-жылы 280 миң сом салык төккөн, ал эми 2022-жылы салыктын көлөмү — 1 млн сом болгон. Ал эми 2023-жылдын толук эмес бир айында салыктык төлөмдөрү 77 миң сомду түзгөн.

«Ак-Үмүт» компаниясы расмий Бишкектин Ибраимов көчөсү 96в дарегиндеги «Асман» бизнес борборунда катталган.

Кадастрдан берилген маалыматка ылайык, «Асман» бизнес борбору 2021-жылдын октябрында толугу менен «Ак Үмүт» компаниясынын ээлигине өткөн. Factcheck басылмасынын журналисттери ушул эле имаратта Айгүл Жапарованын «Үмүт булагы» (2022-жылдын июль айында жабылган) жана «Эне-балага тирек» коомдук фонддору да катталганын, ал эми шайлоо өнөктүгү учурунда бул жерде Садыр Жапаровдун штабы жайгашканын айтышууда.

Салык кодексинин 107-беренесине ылайык, саясий же административдик кызмат орундарын ээлеп турган адам салык кызматына бирдиктүү декларация тапшырууга милдеттүү.