Кыргыз футболчусу Рамина Цой 2023-жылы футбол боюнча Дүйнө чемпионатына калыстык кылат

Кыргызстандык футболчу Рамина Цой 2023-жылы кыз-келиндер арасындагы футбол боюнча Дүйнө чемпионатына калыс болуп дайындалды. Бул тууралуу 10-январда Кыргызстандын футбол бирикмесинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ал Дүйнө чемпионатынын 20-июлдан 20-августка чейин Австралия жана Жаңы Зеландиядагы беттештерине калыстык кылат.

«Рамина Цой — Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Дүйнө чемпионатына арбитр болуп тандалган жалгыз өкүл. Жалпы 33 арбитр, 55 арбитр жардамчысы жана 19 VAR расмий видео жардамчылар ФИФАнын биринчи командасын түзөт», — деп белгилешти өлкөнүн футбол бирикмесинен.

Рамина Цой 2018-жылдан бери ФИФАнын реферинин жардамчысы болуп иштеп келет. 2022-жылы ал Кыргызстандын мыкты калысы деп табылган.

Рамина Цой футбол жана калыстык кылуу тууралуу

Рамина Цой. Сүрөт: FIFA — Tim Nwachukwu.

Рамина Цой Кыргызстандын футбол бирикмесине маек куруп, Дүйнө чемпионатына даярдык көрүү үчүн январдын аягына чейин семинар өткөрүүнү пландап жатканын айтып берди.

«Фитнес текшерүүлөр, тестирлөө, спринт, коддор, теориялык даярдыктар, видео тесттер жана башкалар. Андан сырткары дагы турнирлер, балким, кошумча семинарлар болот деп ойлойм. [...] Машыгууга көп убакыт сарптайм — жумасына 5-6 жолу. Албетте, калыбына келтирүү боюнча машыгууларды да унутпайм», — деди ал.

Спортчу 10 жылдан ашык убакыттан бери футбол ойноп келе жатканын айтып, калыстык кылуу жаатында өнүгүү үчүн перспективалар бар экенин билдирди.

«Профессионал оюнчу боло алган жокмун, бирок калыс болууга мүмкүнчүлүк болду. Футболду сүйгөндүктөн бул кесипти тандап алдым, анткени бул [калыстык кылуу] сүйүктүү кесипти улантууга мүмкүнчүлүк», — деди ал.

Ошондой эле Цой кесибиндеги кыйынчылыктарга токтолуп, эркектердин беттешинде айымдардын калыстык кылганына баары эле көнгөн эмес деп белгиледи. Ал ар бир оюнда жоопкерчиликти сезип, баарын көтөрүүгө аракет кыларын кошумчалады.

«2022-жылдын мыкты калысы деп табылып, дүйнө чемпионатына калыс болуп дайындалганыма кубанычтамын. Ал эми менин кыялыма жетүү жолунда колдоо көрсөткөн жана колдоону улантып жаткандардын баарына ыраазымын», — деп маегин жыйынтыктады футболчу.