Ошто 1972-жылы жаштар салган мезгил капсуласы ачылды

26-январь күнү Ош шаарында 1972-жылы жаштары азыркы замандын жаштарына кайрылуу жасаган мезгил капсуласы ачылды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Иш-чарада ошол кезде капсула коюуга күбө болгон Ольга Корчагина катышуучуларга кайрылууну окуп берди.

«Коомубуздун биримдигин көздүн карегиндей ар дайым сактап, көп улуттуу өлкөбүздүн элдеринин достугун чыңдай бергиле. Ата Мекенди коргоп, элдин бактысы үчүн бүт күчүңөрдү, керек болсо өмүрүңөрдү да берүүгө дайым даяр болгула. Маданий деңгээлиңерди, дүйнө таанымыңарды тынымсыз жогорулаткыла, көз карашыңарды кеңейтип, билим алуудан талбагыла», — деп жазылган катта.

Аны менен катар, келечекке — 2073-жылдын жаштарына жазылган кайрылуу окулду. Аны да 50 жылдан кийин ачуу пландалууда.