ИИМ: 2022-жылы жарандар 900 млн сомдон ашык акчасын турак жай кооперативдерине алдаткан

2022-жылы 1 524 кыргызстандык дээрлик 902 млн сом акчасын турак жай кооперативдерине алдаткан. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Турак жай кооперативдеринин ишмердүүлүк фактысына байлайныштуу 2022-жылы төмөнкү компанияларга карата 16 кайрылуу жана арыз келип түшкөн: «Ак үй КЖ», «Жилье Гарант», «Элдик Групп», «Ихсан Групп ЛТД», «Береке ЛТД», «Дарим хаус», «Ордо-Мурас», «М строй групп», «S-Line», «Биринчи турак-жай кооперативи», «Ансар», «Ипотека», «МПК кооператив», «Нью миллениум» жана «Эл биримдиги».

Жалпысынан, ИИМди маалыматына ылайык, алдамчылыктан тийгизилген материалдык зыян 901 млн 726 миң сомдон ашат. Бул сумманын 108 млн 855 миң сому кайра өндүрүлгөн. Бир жыл ичинде укук коргоо органдары 1 515 кылмыш ишин козгоп, анын ичинен 1 284ү соттун кароосуна өткөнү белгиленет.

«Мыйзам боюнча коммерциялык эмес турак жай кооперативдерин түзүүгө уруксат берилген. Бирок, ошол эле учурда кооперативдердин кыймылсыз мүлк чөйрөсүндө каржы пирамидасына окшош ишмердүүлүк жүргүзгөндөрү тынчыздандырат», — деп айтылат маалыматта.

Алдамчылыктын коомчулукка кеңири белгилүү учурларынын бири 2020-жылы ишин баштаган «Ихсан Групп ЛТД» турак жай кооперативине байланыштуу болгон. Бул аралыкта, кооперативдин жетекчилигинин айтымында, кооператив 3 миңден ашык адамга үй же унаа алганга жардам берген. Турак-жай же унаа сатып алуу үчүн дагы 7 миңден ашуун киши кезекте турган.

2022-жылдын башынан бери Ош жана Бишкек шаарларында «Ихсан» кооперативинин мүчөлөрү бир канча жолу нааразычылык акцияларын уюштурушкан. Алар кооперативге акча салганына карабастан убадаланган үйлөр өз убагында берилбей жатканын айтышкан. Айрымдары акчаларын кайтарып берүүнү талап кылышкан.

2022-жылдын апрелинде ИИМ «Ихсан Групп ЛТД» кооперативинин жетекчилиги алдамчылыкка шектелип жатканын билдирген.

«2022-жылдын март айынын тартып эле өлкөнүн аймактарынан “Ихсан Групп ЛТД” кооперативине мүчө болуп кирген жарандардан көптөгөн арыздар түшүп жатат. Бүгүнкү күндө кооперативдин мүчөлөрү турак жай да, унаа да алышкан эмес. Мүчөлүктөн баш тарткан жарандар акчаларын кайтарып ала албай жатышат», — деп билдиришкен ИИМден «Ихсан» кооперативинин жетекчиси Акинай Бекмурзаева кармалгандан кийин.

Анда милиция келтирилген зыяндын суммасы 121 млн 313 миң сомду түзгөнүн белгилеген. Биринчи май райондук соттун маалыматына ылайык, бул иш боюнча келтирилген зыян 114 млн 615 миң сомду түзөт.