Ысык-Көл, Нарын облустарында айрым жаныбарларга аңчылык кылууга үч жылга тыюу салынды

Тоо эчкилери. Сүрөт: «Вечерний Бишкек» басылмасы

Ысык-Көл жана Нарын облустарында 2023-2026-жылдар аралагында Марко Поло тоо аркарына, тоо эчкиге, элик, каман жана уларга аңчылык кылууга тыюу салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министирлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, министрлик жарандарга өлкөнүн биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо жана коргоо максатында жаратылышты коргоо мыйзамдарын сактоо жөнүндө эскертти.

«Талапты аткарбагандарга «Мыйзамсыз аңчылык кылуу же жаныбарлар дүйнөсүнүн объектерин кармоо» жана «Аң улоо эрежелерин бузуу» беренелери боюнча иш козголот» — дешти министрликтин Бишкек шаардык башкармалыгынан.

Аңчылык кылууга үч жылга тыюуу салуу боюнча өткөн жылдын декабрь айында дагы сөз болгон. Анда министрлик эреже киргизилгенден кийин деңиз деңгээлинен 2 000 метрден жогору жерде ок атуучу курал алып жүрүү мыйзамсыз болорун эскерткен.

Автору: Асел Эсен кызы