Президенттик администрациясынын башчысы: Акылбек Жапаровду каралабагыла

Президенттик администрациянын башчысы Дайырбек Орунбеков социалдык тармактарда минкабдын төрагасы Акылбек Жапаровго карата каралоо болуп жатканын билдирди. Ал фейсбук барагына пост жазып, тургундарды каралоодон алыс болууга чакырды.

«Сын-пикирлер эч кандай фактылар менен бекемделбей, куру доомат көпчүлүк учурда адамдын аброюна, сырткы келбетине чейин асылуу менен коштолуп жатканын чоң өкүнүү менен белгилейбиз», — деди ал.

Орунбеков Жапаровду «мамлекеттик кызматтын бардык тепкичин ырааттуу басып өткөн, такшалган жетекчи» катары сыпаттады.

«Күчтүү кризис-менеджер катары өлкө жетекчилигине, минкабга алгылыктуу сунуштарды иштеп чыгып берүү менен, анын аркасында мамлекеттин бюджети, ошого жараша бир катар тармактын эмгек акылары, социалдык төлөмдөр жогорулатылганына салымы бар экени маалым», — деди ал.

Ошондой эле ал Жапаров президенттин командасында «өзүнө берилген ыйгарым укугунун чегинде иш алып барып жатат» деген пикирин билдирди.

Президенттик администрациянын башчысы мамлекеттик кызматкерлер адекваттуу сын-пикирлерди кабыл алууга ар дайым даяр экенин айтып, соцтүйүндүн колдонуучуларын инсандын турпатына, жеке сапатына асылуудан алыс болууга чакырды.