Талас: Мэриянын коррупцияга шектелген кызматкерлеринин камактагы мөөнөтү узартылды

Сүрөт: УКМК

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети коррупцияга шектеп кармаган Талас шаардык мэриясынын кызматкерлери менен жергиликтүү кеңештин төрагасынын камактагы мөөнөтү узартылды. Маалыматты «Клоопко» облустук соттун басма сөз катчысы Нурдин Байжигитов тастыктады.

Маалыматка ылайык, вице-мэр Максат Байжигитов менен шаардык кеңештин спикери Адылбек Жусупбековдун бөгөт чарасы 29-январь күнү кайрадан каралды. Экөө тең 10-февралга чейин камакта болот.

Ал эми Талас шаардык кеңешинин вице-спикери Азис Курамаев жана муниципалдык менчик башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Марат Долдоев 10-февралга чейин үй камагында болот.

Буга чейин, 10-январда Талас шаардык мэриясынын балансындагы жер тилкелерин мыйзамсыз ижарага берүүгө шектелип мекеменин төрт кызматкери кармалган.

Ведомстводон алар алдын ала сүйлөшүү менен ижара акысынын баасын төмөндөтүп, ишкерлерден белгилүү суммадагы сыйакы алышканын белгилешкен.

Натыйжада, жергиликтүү бюджетке өзгөчө ири өлчөмдө — 30 миллион сомдон ашык зыян келтирип, түшкөн каражаттардын бир бөлүгүн менчиктеп алышкан.

Мындан улам, «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Автору: Бегимай Бакаева

ТЕМА БОЮНЧА:

Таласта вице-мэр, шаардык кеңештин төрагасы жана эки чиновник коррупцияга шектелип кармалды