Таласта вице-мэр, шаардык кеңештин төрагасы жана эки чиновник коррупцияга шектелип кармалды

10-январда Талас шаардык мэриясынын балансындагы жер тилкелерин мыйзамсыз ижарага берүүгө шектелип төрт кызматкер кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, ыкчам иликтөөнүн жүрүшүндө Талас шаарынын биринчи вице-мэри Максат Байжигитов, Талас шаардык кеңешинин спикери Адылбек Жусупбеков, вице-спикер Азиз Курамаев жана муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси кармалган.

Ведомстводон алар алдын ала сүйлөшүү менен ижара акысынын баасын төмөндөтүп, ишкерлерден белгилүү суммадагы сыйакы алышкан. Натыйжада, жергиликтүү бюджетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирип, түшкөн каражаттардын бир бөлүгүн менчиктеп алышкан.

«Корутундуга ылайык, аталган коррупциялык схеманын натыйжасында, 2020-2022-жылдар аралыгында муниципалдык жер тилкелерин пайдалангандыгы үчүн ижара акысын төлөнбөгөнү үчүн мамлекеттик бюджетке 30 миллион сомдон ашык зыян келтирилген», — деп айтылат билдирүүдө.

Учурда ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат, кармалгандардын баш коргоо чарасы каралууда.