Билим берүү министрлиги: Улуттук университеттин бир да имараты күрөөдө эмес

Билим берүү министрлиги Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин (КНУ) имараты күрөөдө деген маалыматты төгүнгө чыгарды. Ведомстводон жогорку окуу жайдын бир дагы имараты күрөөдө эместигин белгилешти.

«Билим берүү уюмунун мүлкү күрөөнүн предмети боло албайт», — деп кошумчалашты министрликтен.

Министрликтен 2020-жылы дарыгер Алмаз Исманкуловдун «Көздүн микрохирургиясы» клиникасына карата доо арыз берип, кореялыктардан алынган насыяны төлөө талабы коюлганын айтып беришти. Азыркы тапта соттук териштирүүлөр улантылып жатат.

Мурунку күнү профилдик комитетинин жыйынында парламент депутаты Элмурза Сатыбалдиев КУУнун имараты түштүк кореялык компаниянын күрөөсүндө турат деп ачууланган.

«Жеке ишкер мамлекеттик университетти күрөөгө коюп медициналык жабдык алат деп ойлогон да эмесмин», — деген ал.

Исманкуловдун кредити

Буга чейин «ПолитКлиника» басылмасы иликтөө чыгарып, Кыргызстан Алмазбек Исманкулов алган насыянын айынан Түштүк Кореянын «кара тизмесине» кирип калганын аныктаган. Анда 24 жыл мурда алынган кредиттин айланасында талаш болуп жатканы белгиленген.

Иликтөөгө ылайык, 1997-жылдын апрелинде КУУнун окумуштуулар кеңеши «медициналык билим берүү программаларын өнүктүрүү, студенттерге жана окутуучуларга медициналык тейлөөнү жакшыртуу үчүн» ЖОЖдун алдында «Интергоспиталь» медициналык борборун ачууну чечкен. Анда «Көздүн микрохирургиясы» клиникасынын жетекчиси Алмазбек Исманкулов аталган борбордун негиздөөчүлөрүнүн бири жана директору болгон. Кредиттик келишимге дагы Исманкулов өзү кол койгон. Өкмөт тараптан Билим берүү министрлиги кепил болуп берген.

Аталган борбор медициналык техникаларды сатып алуу үчүн 8,5 млн доллар насыя алган, бирок техникалар КУУга эмес, Исманкуловдун клиникасына түшкөн. Ал эми насыяны төлөө милдети КУУ менен өкмөткө жүктөлүп калган. Алынган насыя өз убагында төлөнбөгөндүктөн бул Кыргызстандын Түштүк Корянын алдындагы инвестициялык беделине терс таасир этип, учурда мамлекет Түштүк Корядан медициналык тармакка деп насыя ала албай келет.

Исманкулов өзү насыянын үчтөн бирин гана алганын, калганын өкмөттөн сураш керектигин айтууда.

Ал эми Билим берүү министрлиги техниканын баары Исманкуловдун клиникасына түшкөндүктөн насыя боюнча жоопкерчилик врачтын мойнунда болушу керек деп көшөрүүдө.