Таласта суу каптоо коркунучунан улам киргизилген өзгөчө кырдаал режими алынды

Сүрөт: Өзгөчө кырдаалдар министрлиги

Талас районуна 26-январда суу каптоо коркунучунан улам киргизилген өзгөчө кырдаал режими алынды. Бул тууралуу ӨКМДен билдиришти.

Маалыматка караганда, Көпүрө-Базар айылындагы суунун жалпы 2500 метр узундуктагы нугу тазаланган. Суу каптоо коркунучу толугу менен жоюлуп, Жарандык коргонуу комиссиясынын чечими менен өзгөчө кырдаал режими алынган.

Буга чейин Көпүрө-Базар айылынан агып өткөн Кара-Кол дарыясы тоңуп, жээкке жакын жайгашкан үйлөрдү жана короо-жайларды каптоо коркунучу жаралган.

Тоңгон музду тазалоо үчүн жол тазалоо ишканасынан 10 жумушчу, 2 техника жана райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери тартылган.

Ошондой эле «Кызыл ай» коомунун Талас облусундагы өкүлчүлүгү колдоо көрсөтүү максатында кызматкерлерге 3 күндүк ысык тамак камсыздаган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Талас районунда суу каптоо коркунучунан улам өзгөчө кырдаал режими жарыяланды