Талас районунда суу каптоо коркунучунан улам өзгөчө кырдаал режими жарыяланды

Сүрөт: ӨКМ

26-январда Талас районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, мындай чечим Көпүрө-Базар айылынан агып өткөн Кара-Кол дарыясы тоңуп, жээкке жакын жайгашкан үйлөрдү жана короо-жайларды каптоо коркунучу жаралганынан улам кабыл алынган.

Учурда тоңгон музду тазалоо үчүн жол тазалоо ишканасынан 10 жумушчу, 2 техника жана райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери тартылган.

Ошондой эле «Кызыл ай» коомунун Талас облусундагы өкүлчүлүгү колдоо көрсөтүү максатында кызматкерлерге 3 күндүк ысык тамак камсыздайт.

Майлуу-Суудагы авария

Быйыл 13-январда Жалал-Абад облусундагы Майлуу-Суу шаары ызгаарда жылуулуксуз жана суусуз калган, мындан улам өзгөчө абал киргизилген.

Анда ӨКМ 12-январда катуу сууктан улам таза суу жана жылуулук берүү системасы үзгүлтүккө учурап, анын кесепетинен таза суу сактоочу жайдын түтүктөрү тоңуп, суунун басымы кескин төмөндөп кеткенин билдирген. Шаарда жалпысынан 1800 үй таза суусуз жана жылуулуксуз калган.

Ведомство 14-январда суу тосмо булактын суусу менен толтурулуп, №1 жылытуу мешине коё берилгенин билдирген. Жыйынтыгында, тургундарга жылуулук бериле баштаган. Бул аварияга байланыштуу кылмыш иши козголгон.

15-январда шаар тургундары пайда болгон кырдаалга байланыштуу митингге чыгып, президент Садыр Жапаровго жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылышкан.

Анда тургундар жергиликтүү бийлик кырдаалга байланыштуу жалган маалымат таратып жатканына наарызычылык билдиришкен.

Кийинчерээк ӨКМ кызматкерлери тоңуп калган суу түтүктөрүн эритүү үчүн дөңгөлөктөрдү жагышкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

ӨКМ: Майлуу-Сууда жылуулук берүү үзгүлтүккө учурап, өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Видео: Майлуу-Сууда ӨКМ кызматкерлери тоңуп калган суу түтүгүн эритүү үчүн дөңгөлөк өрттөп жатышат