Казакстандык басылма Украинадагы согуш тууралуу макаласы үчүн Орусиянын сотуна чакыруу алды

Казакстандык Arbat.media басылмасы Украинадагы согуш тууралуу жарыялаган макаласына байланыштуу Орусиянын Владимир шаарынын Ленин райондук сотуна чакыруу алды. Бул тууралуу басылмадан маалымдашты.

Маалыматка караганда сотко доо арыз менен орус армиясынын 19-аскердик прокуратурасы жана №56680 аскердик бөлүгү кайрылган. Биринчи соттук териштирүү 17-февралга дайындалды.

Мында аталган басылманын «Орусиялык оккупанттар Харьков облусунда жеңилүүгө дуушар болду, бирок аны мойнуна алгысы келбей жатат» деген макаласы туурауу сөз болгон.

Арыз жазгандар, басылманын Украинадагы согуш боюнча жазган макаласында «чындыкка туура келбеген жана жалган маалыматтарды камтыган» деп белгилешкен.

                                                                                                                             Сүрөт: Arbat.media басылмасы

Ошондой эле маалыматта, 2022-жылдын ноябрь айында Орусиянын Роскомнадзор кызматы Arbat.media’га макаланы алып салууну талап кылган, анын айынан ЖМКлар сотко чакырылганы жазылган.

Орусия дээрлик бир жылдан бери Украина менен согушуп жатат. Орус армиясы ал жакка 24-февралда Украинаны «демилитаризация» жана «денацификациялоо» максатында бастырып кирген. Бирок аскердик аракеттерин «атайын операция» деп атап келет.

БУУнун маалыматына ылайык, Орусия бастырып киргенден бери Украинада кеминде 6 919 жай тургун каза болгон. Дагы 10 миңден ашык киши жарадар болгон. Уюм каза тапкандар менен жарадар болгондордун реалдуу саны алда канча көп деп эсептейт.


Бир нече мамлекет, анын ичинде Европа биримдигине кирген өлкөлөр жана АКШ Орусияга экономикалык санкцияларды салган. Бул Орусияны санкция астында калган алдыңкы өлкө кылды.