Бишкек шаардык соту «Азаттык Медианын» УКМКнын аракетине каршы арызын карап, Биринчи май райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Шаардык сот бул чечимин 2-февралда кабыл алды. Арызда «Азаттык Медиа» УКМКнын Финансылык чалгын кызматына жолдогон кайрылуусун негизсиз деп табууну өтүнгөн болчу. Буга чейин Биринчи май райондук соту «Азаттыктын» коопсуздук комитетинин аракетине каршы доосун канааттандыруусуз калтырган.
Басылманын өзү шаардык соттун 26-январда болгон отурумунда «Азаттыктын» адвокаттарынын Ички иштер министрлигинин тергөө тобунун жетекчиси Улан Жапековду сотко камсыз кылуу өтүнүчүн берип соттук коллегия колдогонун белгилейт. Басылманын жактоочулары ИИМдин тергөөчүсүнөн иш тууралуу кенен маалымат алууну каалашкан. Бирок 2-январдагы соттук жараянга тергөөчү келген эмес, а бирок сот ага карабастан сот отурумун уланткан.
«Азаттыктын» жактоочусу Тимур Султанов Конституцияга ылайык, бардык сот актылары бардык өкүлдөр тарабынан аткарылууга тийиш экенин белгиледи.
«Тилекке каршы, бүгүн тергөөчү келбей калды. Прокурор да айта алган жок. Мындан тышкары соттук коллегия да кылмыш ишин карабай туруп, бүгүн өзүнүн чечимин чыгарды. Себеби, соттун чечими бардык тараптар менен аткарылыш керек болчу. Бүгүнкү күнү тергөөчү ал чыгарылган соттун токтомуна баш ийбей келген жок. Биз, жактоо тарап, эмненин негизинде Бишкек шаардык соттун коллегиясы Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырганын түшүнбөй жатабыз. Эгерде тергөөчүгө тийиштүү объективдүү бериле турган суроолор бүгүн берилбесе, кылмыш ишин соттук коллегиясы изилдебесе, эмненин негизинде ИИМдин тергөө башкармалыгынын кыймыл аракетин “Азаттык Медиа” мекемесинин банктык эсебин токтотуу боюнча катын мыйзамдуу жана нигиздүү деп тапты?» — деди жактоочу.
Султанов «Азаттыктын» жактоочуларына кылмыш иши менен таанышуу үчүн бир дагы документ берилбей жатканын жана медиа уюм бул иште кандай процессуалдык макамда турганы түшүнүксүз болуп атканын кошумчалады: жабырлануучу, айыпталуучу же күбөбү.
«Тилекке каршы, бүгүнкү күнү биз укуктук теңдүүлүктүн принцибинин сакталып жатканын байкабай жатабыз, себеби адвокаттар бир дагы документ менен тааныша элек», — деп белгиледи ал.
31 декабрда DemirBank коммерциялык банкы УКМКнын талабы менен сот чечимисиз эле «Азаттык Медианын» аталган банктагы эсебин бөгөттөгөнү белгилүү болгон. Банктан эсеп акчаны адалдаштыруу жөнүндө мыйзамынын негизинде бөгөттөлгөнүн билдиришкен.
Финансылык чалгын кызматы дагы бул маалыматты бышыктаган, ал эми «Азаттык Медиа» эмне үчүн «Кылмыштуу кирешени адалдаштырууга катыштыгы бардыгы тууралуу маалымат бар адамдардын, топтордун жана уюмдардын тизмесине» киргизилгени тууралуу суроого ведомстводон «буга УКМКнын каты негиз болду» деп жооп беришкен.
2022-жылдын октябрь айында Маданият министрлиги «Азаттык» үналгысынын сайтын эки айга бөгөттөгөн. Буга аталган медиада 14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал тууралуу «улуттук кызыкчылыктарга каршы келген анык эмес материал жарыяланганы» себеп болгону айтылган. Кийин «Азаттыктын» сайты бөгөттөөгө себеп болгон материал өчүрүлмөйүн бөгөттөлүү бойдон кала берери белгилүү болгон.
23 январда Маданият министрлиги «Азаттык Медианын» жалпыга маалымдоо каражаты катары ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен Бишкектин Ленин райондук сотуна кайрылганы белгилүү болгон. Министрлик сотко жазган арызында «Азаттык» 2022-жылдын сентябрында кыргыз-тажик чек арасында болгон жаңжал тууралуу видеоматериалды өчүрө электигин жана ал соцтүйүндөрдө таркап жатканын көрсөткөн.
Бул, Маданият министрлигинин пикиринде, «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзамдын 23-беренесинин «согушту, зомбулукту жана ырайымсыздыкты, улуттук, диний обочолонууну жана башка элдерди жана улуттарды жек көрүүнү насаттоого тыюу салынат» деген талаптарына каршы келет.
«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Жейми Флай буга жооп кылып, алар «өлкөдөгү ишин улантуу үчүн мүмкүн болгон бардык мыйзамдуу жолдорду колдонушарын» билдирген.
Маданият министрлигинин «Азаттыкка» карата доосу Бишкектин Ленин райондук сотунда 9-февралда каралат.