Равшан Жээнбековду ооруканага которуу сунушталган, бирок ЖАК андай кылбай жатат — укук коргоочулар

Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борборго Бишкектеги ТИЗО-1де кармалып жаткан оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбековдун ден соолугу кескин начарлап кеткендигине байланыштуу аны жеке ооруканага которууга уруксат берилбей жатканы тууралуу маалымат түштү. Бул тууралуу укук коргоочулардын сайтында айтылат.

Саясатчы Улуттук борбордун кызматкерлерине 17-январда жеке клиникада кароодон өткөнүн, ал жерде диагноз коюлуп, гепатолог жана гастроэнтеролог дарыгерлердин байкоосунда жеке клиникага жатуу керектиги сунушталганын айтып берген. Борбордун маалыматына ылайык, Жээнбеков ТИЗОнун жетекчилигине кат жазып, ооруканага жаткырууну суранган, бирок мекенин администрациясы ага ТИЗОнун дарылоо-түзөтүү мекемесинде дарыланууну сунуштаган. Жээнбеков «ТИЗО-1де ага коюлган диагноз боюнча тийиштүү адис жок болгондуктан» ал жерде дарылануудан баш тарткан.

Укук коргоочулар ТИЗО-1дин медициналык бөлүмүнүн башчысы менен сүйлөшүшкөнүн, ал Жазаларды аткаруу кызматынын Медициналык башкармалыгына рапорт менен кайрылганын, бирок саясатчыны ооруканага которуу боюнча жооп ала электигин билдиргенин кошумчалашты.

«БУУнун камактагыларга карата мамиле жасоо боюнча Минималдык стандартарынын эрежелерине (Нельсон Манделанын эрежеси) ылайык, адистин жардамына муктаж болуп жаткан камактагы адамдарды атайын медициналык мекемелерге же жарандык ооруканаларга которуу керек, ошондой эле абактагы адам медициналык мекемени тандоого укуктуу», — деп белгилешти борбордон.

Кемпир-Абаддын Өзбекстанга берилишин сындоо үчүн камакка алуулар

Оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбеков — Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын бири. Активисттер, укук коргоочулар жана саясатчылар суу сактагычтын Өзбекстанга берилишине каршы чыгышкан. Алардын баары «Массалык башаламандыктарды уюштурууга» аракет кылган делип айыпталып жатат.

Кармалгандардын баары күнөөлөрү жоктугун, аларга каршы иштер «токулган» деп айтышууда. Ошондой эле Кемпир-Абад боюнча позициясын ачык айтып чыккандыктан кылмыш куугунтугу болуп жатат деп эсептешет.

Жыйырмадан ашык саясатчы менен активисттин кармалышын бир катар депутаттар айыптап, ал эми Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму бийликти кармалгандардын баарын бошотууга чакырган.

28-январда Жээнбеков ден соолугу начарлагандан улам башкы прокурорго, юстиция министрине, Кыйноолордун алдын алуу улуттук борборуна, ЖМКга жана укук коргоо уюмдарына кайрылган.

Жээнбековдун айтымында, анализдердин жыйынтыгында анын боору «кескин начарлап кеткени» аныкталган. Ал эми дарыгерлер ага ооруканага жатып дарыланууну сунуштаган. Саясатчы аны ТИЗО-1ден ооруканага которуу өтүнүчү менен Жаза аткаруу кызматынын жетекчиси Аскат Эгембердиевге кайрылганын билдирген.

Саясатчы мындан ары ден соолугу начарлап кетсе Жаза аткаруу кызматынын жетекчисин жана башкы дарыгерин күнөөлөй турганын кошумчалаган. Жээнбеков «ушундай адамдардын айынан абактагы ондогон киши убагында дарыланбай, каза болуп жатат» деп эсептейт.

Ошондой эле ал ден соолугун көзөмөлдөп туруу үчүн көз карандысыз дарыгерлер кеңешин түзүүнү сунуштаган. Ал Жаза аткаруу кызматындагы «саясий максатты көздөп Гиппократтын антын бузган» дарыгерлерге ишенбесин да кошумчалаган.

Мурдараак Жээнбеков Кемпир-Абад ишинин фигуранттарын ТИЗО-1де «өзгөчө кооптуу кылмышкер» катары кармап жатышканын жазган.