УКМК: «Керемет Банктын» иши боюнча Улуттук банк башкармалыгынын экс-мүчөсү кармалды

2-февралда УКМК Улуттук банк башкармалыгынын Ж.Т. атуу мурдагы мүчөсү кармалып, ТИЗОго киргизилгенин билдирди.

Ал «Керемет банктын» иши боюнча кармалганы белгиленет. УКМКдан бул иш «Керемет Банкка» (мурда Росинбанк) мамлекеттик бюджеттен 8 млрд сомдон ашык акча мыйзамсыз инвестицияланганы үчүн козголгонун, «ал арада бул банктын иши чыгымдуу болуп, ал эми түпшөй калган пайда жана мамлекетке келтирилген зыян 4,5 миллиард сомдон ашык каражатты түзгөн» деп айтышты.

«Учурда бул адамдардын мыйзамсыз аракеттеринен келтирилген зыяндын так өлчөмүн аныктоого, ошондой эле кылмыш жасоого катышкан адамдардын чөйрөсүн аныктоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чаралары активдүү уланып, алардын [“Керемет Банктын” жооптуу кызматкерлерин, Улуттук банктын кызмат адамдары менен башка адамдардын] аракеттерине тергөөнүн жыйынтыгы боюнча юридикалык баа берилет. Тергөө иштери уланууда», — деп белгилешти УКМКдан.

Буга чейин «Керемет Банктын» иши боюнча банктын бир канча кызматкери, анын ичинде жетекчисинин орун басары Максат Дадыбаев, ошондой эле УКМКнын өздүк коопсуздук башкармалыктын башчысынын орун басары менен атайын кызматтын опер кызматкери кармалган.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, «Керемет банктын» айрым кызматкерлерине «Алдамчылык», «Кылмыштуу кирешени адалдаштыруу (изин жашыруу)» жана «Документ жасалмалоо» беренелери менен кылмыш иши козголгон.

«Керемет банк» — Кыргызстанда ишмердүүлүгүн жүргүзгөн коммерциялык банк. Банк «Росинбанктын» укуктарынын, активдеринин жана милдеттеринин укук мураскору болуп саналат.

2018-жылдын октябрь айынан тартып, банктын акцияларынын 97,45%на Улуттук банк ээлик кылып келет.