«5 млн сом кайтарылды». Таластын вице-мэри жана шаардык кеңештин кызматкерлери үй камагына чыкты

Талас облусунун «Коррупцияга» шектелип кармалган вице-мэри жана шаардык кеңештин кызматкерлери үй камагына чыкты. 3-февралда УКМКнын басма сөз кызматы алар мамлекетке 5 миллион сом кайтарып беришкенин билдирди.

10-январда Таластын биринчи вице-мэри Максат Байжигитов, Талас шаардык кеңешинин спикери Адылбек Жусупбеков, вице-спикер Азиз Курамаев жана муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси кармалган.

Алар шаардык мэриянын балансындагы жер тилкелерин мыйзамсыз ижарага берүүгө шектелип жатканы кабарланган. Коррупциялык схеманын кесепетинен мамлекеттик бюджетке 30 миллион сомдон ашык зыян келтирилгени белгилүү болгон.

Тергөө учурунда шектүүлөр күнөөсүн мойнуна алып, сот аларды камакка алган. Кийинчерээк айыпталуучулар мамлекетке 5 миллион сом которуп, калган зыяндын бир бөлүгүн кийин төлөп берүүгө милдеттенишкен.

«Талас шаардык соту белгиленген жагдайларды, алардын ден соолугу жана үй-бүлөлүк абалына байланыштуу жактоочулардын билдирүүлөрүн эске алып айыпталуучулардын баш коргоо чарасын үй камагына алмаштырды», — деп белгилешти атайын кызматтан.

УКМКдан учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо, зыяндын ордун толтуруу боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын кошумчалашты.

Өткөн жылы Кыргызстан коррупциянын денгээлин изилдеген Transparency International эл аралык уюмунун маалыматына ылайык, жемкорлуктун көрүнүшү боюнча 180 өлкөнүн ичинен 140-орунду ээлеген.

Тема боюнча:

Таласта вице-мэр, шаардык кеңештин төрагасы жана эки чиновник коррупцияга шектелип кармалды