Киберспортчу Бакыт Эмилжанов «Кыргызстандын спорт чебери» наамын алды

Киберспортчу Бакыт Эмилжанов (Zayac) «Кыргыз Республикасынын киберспорт боюнча спорт чебери» наамын алды. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар сясаты министрлигинен мындан наам Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу берилип жатканын белгилешти.

Эмилжанов маданият министри Алтынбек Максутов менен жолугушуп, ага Кыргызстандын Копьютердик спорт федерациясынын иши тууралуу айтып берди. Дал ушул федерация кыргыз киберспортчуларынын Дүйнө чемпионаттарына жана түрдүү эл аралык турнирлерге катышуусун камсыздап берет.

Бакыт Эмилжанов (Zayac). Сүрөт: Маданият министрлигинин басма сөз кызматы.

Бакыт Эмилжанов былтыр октябрь айында Dota 2 видео оюну боюнча Team Secret киберспорт командасынын курамында The International 11 турниринде экинчи орунду камсыздаган — бул турнир аталган оюн боюнча эң ири турнир болуп эсептелет.

Аталган турнирдин финалында биринчи орунга Tundra Esports командасы чыгып, 8,4 млн доллар сыйлык алган, ал эми экинчи орунду камсыздаган Team Secret — 2,4 млн доллар байгеге ээ болгон.

Эмилжанов Team Secret командасынын курамында расмий 2022-жылдын июль айынан бери ойноп келет.

Тема боюнча окуңуз: Кантип профессионал киберспортчу болууга мүмкүн?