УКМК: «Коррупцияга каршы элдик кыймылдын» башчысы пара опузалоого шектелип кармалды

«Коррупцияга каршы элдик кыймыл» коомдук бирикмесинин башчысы пара опузалоого шектелип кармалды. Бул тууралуу 3-февралда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, шектүү Кемин районуна караштуу Кичи-Кеминдеги айыл башчыдан финансылык текшерүүнү токотууну убадалап, ири өлчөмдө акча талап кылган.

«Шектүү бирикменин макамын пайдаланып, мамлекеттик кызматкерлерден, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан бюджеттин сарпталышы жана башка кызыктырган маалыматтарды сурап жүргөн. Эгер алар талапты аткарбаса, ишин текшерерин айтып коркутуп, көптөн бери акча алып жүргөн», — деп белгилешти атайын кызматтан.

Шектүү УКМКнын тергөө абагына киргизилди, учурда бул иш боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат.

3-февралда Жалал-Абад облусунун Аксы районунда пара алып жаткан жеринен төрөт бөлүмүнүн акушер-гинекологу кармалган. Ага да «опузалап пара алуу» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Өткөн жылы Кыргызстан коррупциянын денгээлин изилдеген Transparency International эл аралык уюмунун маалыматына ылайык, жемкорлуктун көрүнүшү боюнча 180 өлкөнүн ичинен 140-орунду ээлеген.

Дания 90 упай, ал эми Финляндия жана Жаңы Зеландия 88 упай менен биринчи үчтүккө кирип, коррупциянын денгээли эң төмөн мамлекеттердин катарын түзгөн.

ТЕМА БОЮНЧА:

УКМК: Аксыда акушер-гинеколог пара алып жаткан жеринен кармалды