Оштун тургуну майыптыгы бар адамдарга шарттар түзүлбөгөнү үчүн шаардын аэропортун сотко берди

Ош шаарынын майып арабасын колдонгон тургуну Баястан Абдыкадыров шаардык аба майданында майып адамдарга шарттар түзүлбөгөнү үчүн «Ош» эл аралык аэропортун сотко берди. Ош шаардык соту арызды кабыл алганын билдирди «Стратегиялык соттук талаш-тартыштар борбору» уюму.

Доо арызга ылайык, Абдыкадыров Ош аэропортунан 200 миң сом жана аэропортто ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн керектүү шарттарды түзүүнү талап кылып жатат.

Абдыкадыров Ош аэропортуна барганда майып арабасындагы адамдар үчүн ылайыкталбаган ажаатканасына кирип, ыңгайсыз абалда турууга аргасыз болгонун айтат. Учакка отурууда кыймылы чектелген жүргүнчүлөр үчүн атайын көтөргүчү жок болуп чыгып, учакка аны аба майдандын эки кызматкери көтөрүп барып отургузган.

«Бул жагдай өзүмдү ыңгайсыз, алсыз сезген атмосфераны жаратты, адамдык баркымды кетирди», — дейт Абдыкадыров.

Уюмдагылар аэропортто ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн шарттын жоктугу — адамды майыптык белгиси боюнча басмырлоо, мындайга өлкөнүн мыйзамында тыюу салынган. Алардын пикиринде, мындай жагдайда аэропорт каражаттын тартыштыгын шылтоо кыла албайт, себеби бул майыптыгы бар адамдардын «кадыр-баркына шек келтирүүчү шарт» болуп эсептелет.

«Баястан Абдыкадыров соттон “Манас” эл аралык аэропорту” ачык акционердик коомунун Ош шаарындагы филиалын сот аныктаган мөөнөттөн кечиктирбестен, бирок алты айдан ашпаган убакытта атайын түзүлүштү уюштуруу, башкача айтканда, жүргүнчүнү ташуу, учакка отургузуу жана андан түшүрүүчү амбулифтти орнотуу ишин жүргүзүүгө милдеттендирүүнү суранып жатат», — деп айтылат уюмдун билдирүүсүндө.