Шаар тургуну Нурлан Мотуевди зордуктоого айыптады — милиция текшерүү баштады

Шаар тургуну президенттикке мурдагы талапкер Нурлан Мотуевди зордуктоого айыптап, арыз жазды. Бул тууралуу Бишкектин Свердлов РИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

РИИБдин маалыматына ылайык, 3-январда аларга Мотуевге чара көрүүнү суранып бир кыз кайрылган. Кыздын айтымында, Мотуев аны 2022-жылдын 20-августунда Москва көчөсүндөгү батирге алдап алып келип, аны менен «жыныстык катнашта болгон».

Милиция бул арыздын негизинде тергөөгө чейинки текшерүүнү баштап, экспертиза дайындады.

Ал арада Kaktus.media басылмасы укук коргоо органдарынын кызматкерлерине таянып, аталган кыз Мотуев менен соцтүйүн аркылуу таанышканын, ал ага үйлөнүүнү убадасын берген соң зордуктаганын жазып чыкты. 24.kg’нин өздүк булагынын маалыматына ылайык, Мотуев күнөөсү жоктугун айтууда.

Мотуев деген ким?

Нурлан Мотуев — билими боюнча филолог жана дипломат. Ал 2005-жылы чуулу акцияларынын арты менен белгилүү болгон. Анда ал март айындагы революциядан кийин Нарын облусундагы көмүр тилкелерин басып алып, көмүр тилкелерин «элдин менчиги» деп билдирген. Дал ошол себептүү «Көмүр падышасы» деп аталып калган. Мотуев кендерди басып алганы үчүн жоопкерчиликке тартылган, бирок бул ага 2009-жылы президенттик кызматка талапкерлигин көрсөтүүгө жолтоо болгон эмес. Анда Мотуев бир пайызга жетпеген добуш алган.

2016-жылы Мотуев кайрадан экстремисттик мүнөздөгү чакырыктар үчүн кармалган. Анда ал жети жылга жатак абагына кесилип, ал жерден абактын башчысын мушташка чакырган.

Ал 2021-жылы дагы кезексиз президенттик шайлоого катышууну көздөгөн, бирок соттуулугу жоюла эле болгондуктан документтери кабыл алынган эмес.