Баткендин акими жана мэри кызматтык унаада кырсыкка кабылды, чыгымды аким өзү төлөмөй болду

Соцтармактарда Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев менен Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов жол кырсыгына кабылганы тууралуу маалымат тарады. Кырсыкка кабылган «Тойота Ленд Крузер 200» үлгүсүндөгү унаа акимдин кызматтык унаасы экени, ал президент тарабынан Баткенге берилгени айтылды. Аварияны «Клоопко» жергиликтүү бийликтен тастыкташып, окуя кандайча болгонун түшүндүрүштү.

Эмне болду?

Кырсыкка кабылган унаа. Сүрөт Пери Орозбекованын фейсбук барагынан алынды.

Фейсбук колдонуучусу Пери Орозбекова 8-февралда өзүнүн баракчасына талкаланган унаанын сүрөтүн жүктөп, Жоробаев менен Бурканов жол кырсыгына кабылганын жазды. Ал эми комментарийлерде «алар мас болгон» деп жазган колдонуучулар да болду.

Кырсык болгонун «Клоопко» акимдин басма сөз катчысы Гүлкайыр Эргешова тастыктап, окуя 18-январда Раззаков шаарындагы аэропортко бара жаткада болгонун билдирди.

Анын айтымында, жол тайгак болгондуктан акимдин айдоочусу унааны башкара албай, жол четине чыгып кеткен — кырсыктан эч ким жабыркаган эмес.

«Аким менен мэр Бишкек шаарына кызматтык сапарга барышы керек болчу. Алар бюджеттик каражатты үнөмдөө максатында кызматтык унаа менен Раззаков шаарындагы аэропортко баратышкан. Себеби, 18-январда Раззаков — Бишкек багыты боюнча бир каттам болгон», — деп түшүндүрдү ал.

Эргешова интернетте кырсык тууралуу такталбаган маалымат таркап жатканын белгилеп, алар «чындыкка дал келбейт» деп ишендирди.

«Унаадагылар эч кандай мас абалда болгон эмес. Кызматтык унаа эч кимдин жеке кызыкчылыгы үчүн пайдаланылган да эмес. Кырсыкка кабылган унаа жакынкы күндөрү акимдин өз эсебинен калыбына келтирилет», — деди ал.

Ал эми Баткен облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан кырсык болгон күнү тиешелүү протокол түзүлүп, унаа айып короосуна токтотулганын билдиришти.

Баткен мэринин кызматтык унаасы катышкан авария

Өткөн жылдын апрелинде Баткен шаарынын мэри Имамназар Буркановдун кызматтык унаасынын катышуусунда жол кырсыгы болгон. Анда мэрдин айдоочусу кызматтык унаада 13 жашар баланы коюп кетип, өспүрүм жандандыруу бөлүмүнө түшүп калган.

Кырсык тууралуу маалымат берген активист Роза Маманова кызматтык унаада калаа башчысынын бир тууган иниси Абдилазиз Бурканов болгонун айткан. Ал эми облустук кайгуул кызматы кырсык боюнча тергөө иштери жүрүп жатканын билдирген. Ал иш учурда эмне болгонун билүү үчүн тиешелүү органдарга байланышып, бирок маалымат алууга болгон аракетибизден майнап чыккан жок.

ТЕМА БОЮНЧА:

Баткен мэринин кызматтык унаасы 6-класстын окуучусун сүзүп, бала реанимацияда жатат