Баткен мэринин кызматтык унаасы 6-класстын окуучусун сүзүп, бала реанимацияда жатат

Буркановдун кызматтык унаасы/облустук оорукананын жандандыруу бөлүмү.

Баткен шаарынын мэри Имамназар Буркановдун кызматтык унаасы 2-апрелде саат кечки 20:00 чамасында 13 жашар баланы коюп кетти. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынын басма кызматы «Клоопко» тастыктады.

«Мэрдин айдоочусу кызматтык унаада 6-класстагы баланы сүзүп алыптыр, [мэр] өзү унаада жок болгон. Окуя жол кырсыгы болуп катталган. Бул боюнча азыр тергөө иштери жүрүп жатат», — деди облустук ЖКККБнын басма сөз катчысы Шарап Айдаров.

Ал эми Баткен облустук бириккен ооруканасынын реаниматологу Нурлан Жанжигитов «Клооптун» журналисттерине окуучу «өтө оор» абалда экенин билдирди. Ал ооруканага түшкөндөн кийин баш мээсине операция жасалган. Андан бери окуучу жандандыруу бөлүмүндө комада жатат.

«Абдурахим Курбанбеков деген бейтап 2-апрелде саат сегиздер чамасында өтө оор абалда келип түшкөн. “Унаа коюп кетти” деп койгон адам өзү алып келген экен. Ошол эле күнү башына операция жасалды. Андан кийин жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылды, азыр да өтө оор абалда жатат», — деп түшүндүрдү Нурлан Жанжигитов.

Жол кырсыгы катталганы тууралуу алгач Фейсбук социалдык тармагына жергиликтүү активист Роза Маманова кабарлаган. Анын маалыматы боюнча, окуучу футбол ойноп чыгып жолдон өтүп жатканда аны мэрдин кызматтык унаасы коюп кеткен.

Маманова кызматтык унаада калаа башчысынын эки бир тууган иниси Абдилазиз Бурканов болгонун айтат. Бирок аталган маалыматты мэрдин өзүнөн азырынча тактоого мүмкүн болгон жок.

Имамназар Бурканов Баткен шаарынын мэри болуп өткөн жылдын июнь айында дайындалган.

Бурканов Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, президент Садыр Жапаровдун «жакын адамдарынын бири» деп аталып келген Арзыбек Бурканов менен Кызыл-Кыя ШИИБдин башчысы Нурланбек Буркановдун тууганы — алардын аталары бир тууган.

Буркановдордун таасири

Арзыбек жана Имамназар Буркановдор.

Буркановдор Баткен облусунда «таасирдүү үй-бүлө» болуп саналат. 2021-жылы өткөн парламенттик кайра шайлоодо депутат Жанар Акаев «Ишеним» партиясы Арзыбек Буркановго таандык экенин айткан.

«Жапаровдун эң таасирдүү үзөнгүлөштөрүнүн дагы бир тобуна Бурканов менен Гаипкулов кирет. Резюме көтөргөндөрдүн баары ошолорго чуркашат. Азыр, Өкмөт үйүнө барсаңар премьер-министрге караганда Буркановдун кабылдамасында киши көп болот. Шайлоого бара турган чиновниктер резюме жана папкалары менен кайда чогулганына карап Кыргызстанда бардык маселелерди ким чечип жатканын түшүнүүгө болот», — деген ал.

Ал эми «Ишенимдин» өкүлү Медер Алиев Коомдук биринчи каналдагы талапкерлердин дебатында «Ишеним» партиясынын «бийликчил» экенин четке каккан.

«Урматтуу президентибиз Жапаров Садыр Нургожоевич өзүнүн интервьюсунда бул боюнча так түшүндүрмө берип, эч бир партияны колдобой турганын айткан. Эгер кайсы бир партия өзүн бийликчил деп атап жатса да, ал маанилүү эмес. Алар басып өткөн жол, алардын тазалыгы, Кыргызстандын калкына канчалык чынчыл иштеп берет? Маанилүүсү мына ушул нерселер», — деген ал.