Жалал-Абадда мурдагы жеке нотариус жасалма документ даярдоого шектелип кармалды

Жалал-Абад облусунда Базар-Коргон нотариалдык округунун мурдагы жеке нотариусу документтерди жасалмалоого шектелип кармалды. Бул тууралуу 10-февралда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ал чет элдик паспорт алуу үчүн нотариалдык документтерди мыйзамсыз каттоого жана берүүгө шектелүүдө. Мындан сырткары жашы жете элек балдарды ата-энесинин макулдугусуз өлкөнүн чегинен тышкары алып чыгууга авиакассалардын, адвокатуралардын жана жеке нотариустардын айрым кызматкерлеринин тиешеси бар экендиги аныкталган.

Кармалган шектүү. Сүрөт: УКМК.

УКМКдан облустагы авиакассалардын кызматкерлери, адвокаттар жана жеке нотариустар бул багытта документтерди жасалмалоо боюнча туруктуу схема түзүп алышканын белгилешти.

Атайын кызмат шектүүнүн үйүн тинтип, компьютер, лазердик принтер, 233 даана нотариалдык документтин бош бланкы, мөөр басылган 13 даана бош бланк, 17 даана ишеним кат, 526 миң сом жана 2500 АКШ долларды алган.

УКМКнын басма сөз кызматынан мыйзам боюнча, өспүрүмдөрдүн чет өлкөгө чыгуусу үчүн ата-энесинин макулду күбөлөндүрүлгөн тастыктама талап кылынарын кошумчалашты.

Бул боюнча «Документтердин жасалмасын жасоо» беренеси менен иш козголуп, теришитрүү иштери жүрүп жатат.

Өткөн жылы Жалал-Абадда мал-жандыктарды экспорттоо үчүн ветеринардык документтерди жасалмалаган коррупциялык схема аныкталган.

Бул иш боюнча шектүү катары Жалал-Абад шаардык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук башкармалыгынын жетекчиси кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.