Дастан Бекешев турак-жайларды сапатсыз кургандарга жоопкерчиликти күчөтүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев имараттарды сапатсыз кургандарга жоопкерчиликти күчөтүүнү сунуштап, мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү өз колуна алууну көздөп жатканын билдирди. Мындай пикирин эл өкүлү 12-февралда фейсбук барагына жазды.

«Көптөгөн нормабыз эскирген, сапатсыз курулуш үчүн кылмыш жоопкерчилиги айып пулга чейин төмөндөтүлгөн, жарандарды курулуш компанияларга алданып калуудан коргой турчу мамлекеттик орган жок. Мындай ири жана жооптуу тармакты башкаруу көзөмөлү начар мамлекеттик органдарга жана ишкерлерге берилген», — деди ал.

Бекешев курулуш тармагындагы мыйзамды талдап чыкканын белгиледи. Анын айтымында, чектөөлөр ашыкча эле жеңилдетилген, ошого курулуш компаниялары коркпой, имараттарды сапатсыз жана мыйзамсыз курушат.

«Мыйзамды өзгөртүү милдетин мен өз мойнума алууну көздөп жатам, анткени он жылдан бери архитектура органдарынын убадалары убада бойдон калууда. Көп сүйлөп, эч нерсе кылышпайт. Мындай абалдын болушу алар үчүн, курулуш компаниялары үчүн деле пайдалуу», — деп эсептейт Бекешев.

Эл өкүлү мыйзамга өзгөртүү киргизүү ишин Кылмыш-жаза кодексинен баштаарын айтты. Ал жакында имаратты сапатсыз кургандар, жарандарды алдагандар үчүн жоопкерчиликти күчөткөн мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгаарын кошумчалады.

6-февралда Туркияда жана Сирияда күчү 7,4 баллга жеткен жер титирөө катталды. The Guardian басылмасынын маалыматына ылайык, зилзаланын кесепетинен эки өлкөдө каза болгондордун саны кеминде 28 миңден ашты.

Жер титирөө учурунда тартылган видеолордон иамараттардын урап, жашоочуларды басып калганын көрүүгө болот. Куткаруу иштери азыр деле уланып жатат.

Кырсык көп өлкөнү, анын ичинде Кыргызстанды курулуш тармагына көңүл бурууга түрткү болду. 10-февралда депутаттык топтор бул боюнча талкууларды уюштурушту. Анда Мамлекеттик курулуш кызматынын Бишкек шаардык башкармалыгынын башчысы Талант Иманакун уулу Кыргызстандагы имараттар 9 баллдык жер титирөөгө туруштук берерин билдирди.

Ошондой эле ал учурда калаадагы 87 мыйзамсыз курулган имарат боюнча соттук териштирүү жүрүп жатканын белгиледи.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жунусалиев көчөсү 99. Мыйзамсыз курулган көп кабаттуу үйдөгү батир талаш