Байсалов: Атамбаевдин бошогонун анын Жээнбеков менен тирешине байлабоо керек

Минкабдын төрагасынын орун басары Эдил Байсалов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин абактан бошотулушуна комментарий берип, саясатчыны эч ким сатып кетпегенин билдирди.

Анын пикиринде бийлик «биздин жалпы тарыхыбызда жаңы барак ачып, жаңы бөлүм баштоого умтуларын көрсөттү». Ал ЖМКны жана комментаторлорду Атамбаевдин бошотулушун анын экс-президент Сооронбай Жээнбеков менен тирешүүсүнө байлабоого чакырды.

«Жөн гана фактыларды эске салсам. Атамбаев эбегейсиз аракет менен, жазылган да, жазылбаган да эреженин баарын бузуу менен мураскерин өзү тандап, аны элге таңуулап, өлкөнү коңшулар менен дээрлик согуштук абалга такап, массалык камоолорду жүргүзүп, альтернативдүү талапкерлерди түрмө менен коркуткан. Бирок анын Жээнбеков номиналдык жетекчи болот деген үмүтү акталган жок. Кеп бул жерде достукта эмес! Кеп Конституцияда — демократиянын негизги мыйзамында. Жамы журт тандаган киши гана мамлекет башчысы боло алат. Конституцияда андан башка комбинациялар жок. Эч ким эч кимди сатып кеткен жок», — деп эсептейт Байсалов.

Чиновник Атамбаев «эл жаңы эле шайлаган президент Жээнбековду оодарууга жана толкундоолорду уюштурууга аракет кылып мамлекеттин негизине кол салганын» белгиледи.

«[…] Ал кезде мыйзамдуу болуп турган президент эмне кылышы керек эле? Анын сүйлөшүүгө, ынтымакка келүүгө жасаган аракеттеринен майнап чыккан эмес. Атамбаев баарына, ар бир жерде төңкөрүш жасай турганын байма-бай айта баштаган. Ал бул тууралуу ортомчулык кылууга аракет кылган башкы стратегиялык өнөктөштүн башчысына дагы айткан. Аракетинин баары бекер эле болду», — деди минкабдын төрагасынын орун басары. Байсалов Атамбаев «мыйзамга жана мамлекетке баш ийүүдөн баш тартып» эң чоң ката кетирген деп белгиледи.

«Ал тергөө амалдарына барып турууга милдеттүү болчу. Бирок Атамбаев өзүн элден, мамлекеттен жогору койду. Ошол баш туртуудан, куралдуу күчтөргө баш ийбегендиктен курмандыктар болуп кетти. Натыйжада спецназдын офицери Үсөн Ниязбеков каза болду. Чүй ОИИББнин башчысы Самат Курманкулов майып болуп калды. Бул жөнүндө унутпайлы. Ошондуктан баарыбыз туура жыйынтык чыгарсак дегим келет. Эч ким өзүн мыйзамдан жана мамлекеттен жогору коё албайт. Эгерде биз кимдир бирөөгө чакырууларды этибарга албай коюусуна жол бере берсек, эртең Сомалиден эч айырмабыз жок болуп калат. Мамлекетте талаа командирлери башкарып калат», — деди ал.

Байсалов сөзүнүн акырында «мамлекет мындан ары эч кимге элдик бийликке — демократияга каршы чыгууга жол бербейт» деп белгиледи.

Атамбаев 14-февралда Молдовановка айылындагы №27 колониядан бошотулган. Буга чейин Жогорку сот кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу иши боюнча Атамбаевге карата өкүмдү жокко чыгарганы белгилүү болгон. Кылмыш иши Бишкектин Биринчи май райондук сотуна жаңыдан кароого жөнөтүлгөн. Бул иш боюнча Атамбаев 11 жылга эркинен ажыратылган болчу.

Мындан тышкары, Бишкектин Биринчи Май райондук соту мурдагы президентке дарылануу үчүн Кыргызстандын аймагынан тышкары чыгууга уруксат берген. Анткен менен Атамбаев дагы деле бир нече кылмыш ишинин фигуранты бойдон калууда, алар сотто бүгүнкү күнгө чейин каралууда.