Кыргызстандарт Брайл шрифтинин кыргыз тилиндеги стандарттарын бекитти

Кыргызстандарт Брайл шрифтинин кыргыз тилиндеги стандарттарын бекитти. Брайл шрифтин көзү азиздер же жакшы көрбөгөн кишилер колдонот. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев Телеграмм каналында билдирди.

«Атайын мектептерде мугалимдер биздин ө, ү, ң тамгаларын ар башкача белгилеп келишкен. Эми болсо 90 беттик толук стандарт бекитилди. Эми анын негизинде окуу материалдары жана башка басылмалар даярдалат», — деп билдирди Бекешев.

«Бирдей мүмкүнчүлүктөр» уюмунан буга чейин Кыргызстанда Брайл шрифтинин Орусиядагы стандарты колдонулуп келгенин, анда кыргыз тамгалары жок болчу экенин айтышты. Жаңы стандарттар «Майыптардын укугу жөнүндө Концепцияны ишке ашыруу үчүн эксперттик чечимдер» коомдук фондунун эксперттери тарабынан иштелип чыккан.

Брайл шрифти — көзү азиз жана жакшы көрбөгөн адамдар окуп жана жазышы үчүн колдун манжалары менен сыйпап окуй турган чекит-дөңчө алфавит.