300 миң доллар алдамчылык иши. Экс-депутат Чойбеков үй камагына чыгарылды

Бишкектин Биринчи май райондук соту парламенттин экс-депутаты Руслан Чойбековду үй камагына чыгарды. Бул тууралуу «Клоопко» соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Мындай чечимди сот 2022-жылдын 17-декабрында эле чыгарган экен. Соттун маалыматына ылайык, Чойбековдун баш коргоо чарасы жабырлануучу тарапка 300 миң доллар зыян төлөнүп берилгендиктен өзгөртүлгөн.

Чойбеков депутаттык мандат үчүн 300 миң доллар алдап алып, «арыз ээсине өзгөчө ири өлчөмдө зыян тийгизген» делип айыпталган.

Анда УКМКдан ал «Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык» беренесинде көрсөтүлгөн кылмышты жасоого шектелип жатканын билдиришкен.

Соттон иш боюнча териштирүү аяктай элегин, учурда күбөлөр суралып жатканын кошумчалашты.