УКМК:«Кыргызстан» партиясынын мүчөсү алдамчылыкка шектелип кармалды

УКМКнын басма сөз борбору 16-сентябрда 2020-жылкы парламенттик шайлоонун алдындагы үгүт кампаниясынын жүрүшүндө алдамчылык фактысы боюнча экс-депутат жана «Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Ч.Р. кармалганын билдирди. Ал УКМКнын убактылуу кармоо изоляторуна киргизилди.

Ал арада бир катар ЖМКлар парламенттин экс-депутаты Руслан Чойбеков кармалганын жазышты.

Руслан Чойбеков. Сүрөт: «Кабар»

Мамкомитеттин маалыматы боюнча, мурдагы эл өкүлү депутаттык мандат үчүн 300 миң доллар алып өзүнө ыйгарып алган, «муну менен арыз жазган адамга өзгөчө ири өлчөмдө зыян тийгизген».

Комитеттен кошумчалашкандай, ал «Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык» беренесинде көрсөтүлгөн кылмышты жасоого шектелип жатат.

«Жакын арада тергөө тарабынан тергөө убагында Ч.Рнын баш коргоо чарасын аныктоо боюнча маселе каралат. Анын жүрүшүндө аталган кылмыш ишине тиешеси бар бардык адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча толук чара көрүлөт», — деп билдиришти коопсуздук комитетинен.

БШКнын экс-мүчөсү Эшимовду кармоо

Мурдарак УКМКнын кызматкерлери ушундай эле шек менен БШКнын мүчөсү Акылбек Эшимов кармалган.

Акылбек Эшимов. Сүрөт: «Кабар»

Атайын кызматтын маалыматына караганда, Эшимов жана «Кыргызстан» партиясынын лидерлеринин бири 2020-жылы октябрда өткөн парламенттик шайлоодо тизмеде «биринчи бештикке киргизип берүүнү» убадалап, таплапкерлердин биринен 550 миң доллар алган.

«Өзүнө алган милдеттенмелерди аткарбай, БШКнын мүчөсү жана партиялардын биринин лидери 300 миң долларды кайтарып, калган 250 миң долларды ыйгарып алган», — деп байтылат УКМКнын маалыматында.

Башкы прокуратура Эшимовго «Алдамчылык» беренеси менен шектелип жатканы тууралуу билдирме берип, андан кийин ал тергөөнүн аягына чейин УКМКнын тергөө изоляторуна киргизилген.

Кийин Боршайком партиялардан талапкерлерди көрсөтүү боюнча маселелер БШКнын ыйгарым укугуна кирбейт деп билдирген.

«Шайлоодо партиялардын талапкерлеринин тизмесин түзүү маселеси партиянын гана ички компетенциясына кирет: партиялар шайлоого талапкерлердин тизмесин өз алдынча түзөт жана өз съездинде бекитет», — деп тактоо киргизген БШК.

Ведомстводон комиссия акыйкат тергөөдөн үмүт кыларын кошумчалашкан.