Бекешев: «Бакиевчилерди реабилитация кылуу аракети болуп жатат, бирок андай кыла алышпайт»

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев кесиптештери Элвира Сурабалдиева, Жанар Акаев жана Мирлан Жээнчороев менен биргеликте 2010-жылдын 7-апрелинде набыт болгондорду эскеришти.

Ал апрель окуясынан 12 жыл өткөн соң «бакиевчилерди» реабилитация кылуу аракети да болуп жатканын билдирди.

«12 жыл мурда биздин баатырлар авторитаризмди жана үй-бүлөлүк-кландык башкарууну кулатышкан. Бүгүн бакиевчилерди реабилитация кылууга аракет кылып жатышат, бирок андай кыла алышпайт», — деп жазды ал.

Ал «бакиевчилер» деп кимди атап жатканын, бозгун президент Курманбек Бакиевдин кланынын көптөгөн мүчөлөрүнбү же Бакиевдин тушунда иштеген аткаминерлер менен саясатчылардыбы, тактап айткан жок.

Тактан кулатуу жана экстрациялоо мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу

Курманбек Бакиев 11 жылдан бери Беларуста жашайт — ал 2010-жылы кыргызстандагы бийлигинен кол жуугандан кийин үй-бүлөсү менен Минск шаарына качкан. 2010-жылдын 7-апрелинде нааразычылыкка чыккандарга карата курал колдонулуп, натыйжада Ак үй алдындагы аянтта 80ден ашуун адам курман болгон. Каза тапкандардын саны 152 адамга жетти.Сот 2013-жылы 7-апрелдеги ыңкылапка байланыштуу Курманбек Бакиевди сыртынан 24 жылга эркинен ажыраткан, иниси Жаныш Бакиевди — өмүр бою кескен. Ал эми бозгун президенттин улуу баласы Марат, ошол кезде Улуттук коопсуздук кызматынын (учурдагы УКМКнын) төрагасынын орун басары болгон. Ал сыртынан 27 жылга кесилген. Жогорку сот өкүмдү күчүндө калтырган.

Бозгун президенттин дагы бир уулу Максим Бакиев Кыргызстанда бийлик алмашкандан кийин финансылык көз боёмочулукка айыпталган. Биринчи май райондук соту ага карата мүлкүн конфискациялоо менен 25 жылга кесүү өкүмүн чыгарган.

Мындан тышкары, Бакиевдер президенттик аппараттын экс-жетекчиси Медет Садыркуловдун өлүмүнө тиешеси бар деп айыпталышкан. Сот Жаныш Бакиевди адам өлтүрүү, кыйноо, адам уурдоо, УКТ түзүү жана өлгөн адамдын сөөгүн мазактоо боюнча күнөөлүү деп тапкан.

Бакиевдер кланынын мүчөлөрүнө карата Кыргызстанда кылмыш иштери козголгонуна карабай Беларустун президенти Александр Лукашенко аны Кыргызстанга өткөрүп берүүдөн баш тартып келет.

Бакиевдердин кланынын мүчөлөрү Беларуста бизнес кылышат, БУБКнын (Беларус улуттук биотехнологиялык корпорациясы) акциясына ээлик кылышат, казинонун курулушунда байкалышкан.Кыргызстан Бакиевдерди экстрадициялоону суранып Беларуска бир нече жолу кайрылган. Башкы прокурор Курманкул Зулушев 2022-жылдын 6-апрелинде парламенттин жыйынында бозгун президент Курманбек Бакиевдин жана анын үй-бүлөсүн экстрадициялап алып келүүгө мүмкүнчүлүк жоктугун билдирди.

Курманкул Зулушев Беларуска бир канча жолу кат жолдонуп, бир катар кылмыш иштери козголгонун, бирок Беларус бозгун президентти кыргыз бийлигине өткөрүп берүүдөн баш тартып жатат деп жооп берген.

Бакиевдер Белоруста кандай жашашат?

BYPOL: Бакиевдер Лукашенконун калкалоосу үчүн 1,6 млн доллар пара берген

Лукашенко өзүнүн резиденциясынын жанынан Бакиевге 70 сотук жер бөлүп берди

Бир кадр менен: Макс Бакаев же Максим Бакиев Лондондо өткөн жиу-житсу чемпионатында