«Манас» аэропортунда Германиядан бери ашказанына 300 грамм кокаин жашырып келген шектүү кармалды

«Манас» эл аралык аэропортунда Германиядан бери ашказанына 300 грамм кокаин баңгизатын жашырып келип, Кыргызстанда сатууну көздөгөн 37 жаштагы шектүү кармалды. Бул тууралуу 17-февралда ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шектүү 10-февралда Түркиядан транзит аркылуу өлкөгө келген. Ага чейин милицияга Европа Биримдиги өлкөлөрүнөн баңгизатын аткез жол менен ташыгандар тууралуу билдирүү түшкөн.

Шектүүнүн ашказанынан медициналык кол капка оролгон 50 даана контейнер чыгарылган. Соттук-химиялык экспертизанын жыйынтыганда кол капка оролгон зат 300 грамм кокаин экени белгилүү болду.

ИИМдин маалыматына ылайык, шектүү аларды өлкө аймагында сатууну көздөгөн.

«Баңгизаттын бул түрү Кыргызстанда биринчи жолу ири өлчөмдө табылып жатат. Анын бир граммынынын баасы “көмүскө базарда” 500дөн 2000 АКШ долларга чейин жетет», — дешти милициядан.

Бул факты «Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, ошого тете мыйзамсыз өндүрүү же сатып өткөрүү» беренеси менен каттоого алынды.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери жүрүүдө.

ТЕМА БОЮНЧА:

ИИМ: Орусияга жана Европага ири көлөмдө баңгизат сатып жүргөн топтун мүчөлөрү кармалды