Орусиялык адистер Кыргызстандын тогуз балык чарбасын текшерүүгө келет — Айыл чарба министрлиги

Кыргызстандын тогуз балык чарбасын текшерүүгө Россельхознадзордун өкүлдөрү чакырылат. Бул тууралуу аталган тогуз чарбанын форель жана икра продукцияларын Орусияга киргизүүгө тыюу салынганына байланыштуу Айыл чарба министрлиги жооп берди.

Тыюу салынгандан кийин Айыл чарба министрлигинин Ветеринардык кызматынын, ведомствонун Балык чарба департаментинин жана тогуз балык чарбасынын өкүлдөрүнүн ортосунда жолугушуу өткөн. Баары тең текшерүү үчүн Россельхознадзордун комиссиясын чакырууга макул болушкан. Маалыматта инспекция кыска убакыттын ичинде уюштурулары жана өткөрүлөрү белгиленет.

Мурдараак Россельхознадзор эки жылдан бери Кыргызстандан алып келинген форелдердин курамында зыяндуу заттардын деңгээли ашык болгон учурлар кайталанганын билдирген. Андан тышкары, Кыргызстандан барган балыктардын көлөмү да чоңураак болуп, бул дагы алардын «күмөнүн жараткан».

Орусиянын ведомствосунан балык продукцияларын кайра өлкө аймагына ташып баштоо маселеси Россельхознадзордун адистери кыргыз ишналарында инспекция жүргүзгөндөн кийин гана караларын белгилешкен.

Айыл чарба министрлигинин 2022-жылга карата маалыматына ылайык, Кыргызстанда 292 балык чарбасы бар. Кыргызстан балык экспотун жыл сайын көбөйтүүдө. Улуттук статкомдун маалыматы боюнча, 2021-жылы республика 6,1 млн сомго 23 тонна жаңы кармалган жана тоңдурулган форель экспорттогон. 2022-жылы форель экспорту 55 тоннага көбөйүп, ал 15,8 млн сомду түзгөн.

Башкы беттеги сүрөт / Борбордук Азиядагы Америка Университети (БААУ).