Ошто инвестиция тартууну убадалап өзгөчө ири суммага алдап кеткен жаран кармалды

Шектүү. Сүрөт: Ош ШИИБ

16-февралда Ош шаардык сотунун чечими менен чет өлкөлөрдөн инвестиция тартууну шылтоолоп, 7 млн 40 миң сомго алдап кеткен жаран бир айга камакка алынды. Бул тууралуу «Клоопко» Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кылмышка шектүү Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын 43 жаштагы тургуну — мурда дагы соттолгон.

Ал 2022-жылдын 1-мартынан 6-августка чейинки аралыкта Ош облусунун Араван районунун тургунуна «араб өлкөлөрүндө ишенимдүү тааныштары бар экенин айтып, инвестиция тартып, долбоор аркылуу районго бала бакча, тигүүчү цех, спорттук комплекс жана газоблок чыгаруучу цех ачууну» убадалаган.

Ошондой эле ал «арабдардан 1 млн 300 миң АКШ долларлык инвестиция алып келип берем» деп ишенимге кирип, өз-өзүнчө жалпысынан 7 млн 40 миң сом ири өлчөмдөгү акчасын алдап алып, өз кызыкчыгылына сарптап жибергени айтылат.

Шектүү 14-февралда кармалып, Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ага карата өзгөчө ири өлчөмдөгү «Алдамчылык» беренесинин негизинде кылмыш иши козголду.

Ал эми 16-февралда ал Ош шаардык сотунун чечими менен бир айга камакка алынды.

«Учурда шектүү башка жарандарды дагы ушундай ири суммага алдап кеткени тууралуу маалыматтар келип, алар текшерилүүдө. Эгерде бул шектүүдөн жабыркагандар болсо 03222-4-82-82 жана 102 телефондору аркылуу байланышып коюуну суранабыз», — деп айтылат Ош ШИИБдин билдирүүсүндө.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жалал-Абад: Мамлекеттик кызматкерлерди коркутуп, пара талап кылууга шектелип прокуратуранын мурдагы кызматкери кармалды