УКМК үч кишин өлтүрүүгө шектелген киши мурда атайын кызматта иштегенин бышыктады

Бир үй-бүлөдөгү үч кишини өлтүүрүгөө шектелип кармалган киши Мамлекеттик күзөт кызматында иштеген. Бул маалыматты УКМКнын басма сөз кызматы тастыктады.

Атайын кызматтан шектүү 1986-жылкы экенин, мамкүзөттө кызмат өтөөгө 2006-жылы кабыл алынып, ал жерде 15 жыл иштегенин айтышты.

«Белгилүү болгондой, Мамлекеттик күзөт кызматы 2010-жылдан кийин жоюлуп, түзүмдүк бөлүм катары УКМКга киргизилген. 2021-жылы А.Ч.К. эмгек стажына байланыштуу пенсияга чыгып, УКМКнын 9-кызматынан бошотулган», — деп билдиришти УКМКдан.

Үч адамды өлтүрүүгө шектелип жаткан адам. Сүрөт: ИИМдин басма сөз кызматы.

17-февралга караган түнү Бишкектин 5-кичи районунда үч адам киши колдуу болгон. Милициянын маалыматы боюнча, кылмыш жасалган жерде батирдин кожойкесинин, анын жашы жете элек эки баласынын зомбулук белгилери менен өлтүрүлгөн сөөктөрү табылган. ЖМКнын маалыматына ылайык, 1972-жылы туулган аял, анын 2005-жылкы кызы жана жашы жете элек баласы киши колдуу болгон.

Социалдык тармактарда көп кабаттуу үйдүн короосуна батирлердин биринен аял учуп түшкөнү, аны кайра бир киши үйгө көтөрүп кирип баратканы тартылган видео тарады.

Kaktus.media басылманын маалыматына ылайык, шектүү Баткен округу боюнча Жогорку Кеңешке талапкерлигин койгон, ошондой эле мушташуу боюнча спорт чебери, мушташуу боюнча дүйнө чемпионатынын күмүш медалынын эсси, дене тарбия жана спорттун отличниги болгон.

Бул факты Октябрь райондук милициясында каттоого алынып, «Адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголду. ИИМден бул факты боюнча ар тараптуу жана объективдүү иликтөө жүргүзүлүп жатканын белгилешти.

Башкыдагы сүрөт иллюстративдүү