Бишкек: Аялды жана эки баланы өлтүрүүгө шектелип 37 жаштагы киши кармалды

Шектүү. Сүрөт: ИИМ

Бишкек шаарындагы 5-кичи райондо жашаган бир үй-бүлөнүн үч мүчөсүн — аялды жана анын бир кыз, бир баласын — өлтүрүүгө шектелип 37 жаштагы киши кармалды. Бул тууралуу 17-февралда ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга 16-февраль күнү саат 4:30 чамасында 5-кичи райондогу үйлөрдүн биринде 3 адам каза болгону тууралуу билдирүү түшкөн.

Жерине барган милиция кызматкерлери маркумдар бир үй-бүлөдөн экенин аныкташкан. Аялдын жана анын кызы менен баласынын денесинде ар кандай жаракаттар болгон.

Бул факты Октябрь райондук милициясына каттоого алынып, «Адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголду.

Милиция кызматкерлери кылмышка шектүү катары Баткен облусунун 37 жаштагы тургунун кармашып, райондук милицияга жеткиришкен.

Шектүүнүн маркумдар менен байланышы бар-жогу азырынча аныкталып жатат. Ошондой эле бул факты боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө.