УКМК: Жалал-Абадда уюшкан кылмыштуу топко тиешелүү жергиликтүү кеңештин депутаты кармалды

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда опузалап пара талап кылууга шектелип, жергиликтүү кеңештин депутаты кармалды. Бул тууралуу 14-февралда «Клоопко» УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылы 8-февралда кармалган Сайдыкум айылынын тургуну күч колдонуп коркутуу жолу менен жергиликтүү тургундардан системалуу түрдө акча жана башка материалдык баалуулуктарды талап кылып келген.

Аны менен катар, ал «рейдерлик жол менен райондун аймагындагы айыл-чарба жана балык чарбачылыгына бекитилген жер тилкелерин ишенимдүү адамдарына мажбурлап кайра каттаткан». Кийинчерээк башкарууну ишенимдүү тарапка өткөрүп берүү жолу менен басып алганы аныкталган.

Ошондой эле кармалган Ж. Ж. С. аттуу жаран мурда бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылып, 2021-жылдан бери ар кандай кылмыштуу топтордун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган.

Учурда ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгын аныктоо максатында тергөө амалдары жүрүп жатат.

Буга байланыштуу мекеме кармалган жарандан жабыр тартышы мүмкүн болгон жарандардан 03722 56049, 03722 54961 номурлары аркылуу байланышууну өтүнөт.

Буга чейин, 13-февралда, Жалал-Абад облусунда милиция таксистти анын интимдик сүрөттөрү менен шантаж кылып акча опузалап жүргөн төрт шектүүнү кармаган. Алардын арасында Сузактын жергиликтүү кеңешинин депутаты да болгон.

Аталган иш боюнча укук коргоо органдары «Опузалап талап кылуу» беренеси менен кылмыш ишин козгошкон.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Жылаңач сүрөттөрүңдү жаябыз». Сузакта таксистти шантаж кылган шектүүлөр кармалды