Жалал-Абад облусунда кар көчкүнүн алдында калган төрт адам куткарылды

Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы «Фулл Голд Майнинг» алтын казуучу ишканасынын Иштамберди тилкесинде кар көчкү жүрүп, төрт адам анын алдында калган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтин маалыматына ылайык, аталган төрт жаранды кен казуучу компаниянын кызматкерлери куткарып, аларга биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн. Жабыркагандардын абалы туруктуу.

Көчкү алдында калгандарды ишкананын кызматкерлери куткарып жатканы тартылган видеону «Азаттык» үналгысы дагы жарыялады.