Бишкек: Үч адамды өлтүрүүгө шектелген киши ТИЗО-1ге эки айга камакка алынды

Шектүү. Сүрөт: ИИМ

Бишкек шаарында бир үй-бүлөнүн үч мүчөсүн өлтүрүүгө шектелген 37 жаштагы киши эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Свердлов райондук соту билдирди.

Маалыматка ылайык, шектүүнүн бөгөт чарасын Бишкектин Свердлов райондук соту карап, аны 16-апрелге чейин ТИЗО-1де калтырган.

Буга чейин, 16-февраль күнү саат 4:30 чамасында, милицияга Бишкектеги 5-кичи райондогу көп кабаттуу үйлөрдүн биринде 3 адам — аял жана анын бир кыз, бир баласы — каза болгону тууралуу билдирүү түшкөн. Алардын денесинде ар кандай жаракаттар болгон.

Соцтармактарда көп кабаттуу үйдүн короосуна батирдин терезесинен кулап түшкөн аялдын видеосу тараган. Анда эркек аялды желкесине көтөрүп, үйгө кайра алып кирип кеткен.

Бул факты Октябрь райондук милициясына каттоого алынып, «Адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары Баткен облусунун 37 жаштагы тургуну кармалган.

УКМКнын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, шектүү 15 жыл Мамлекеттик күзөт кызматында иштеп, эмгек стажына байланыштуу пенсияга чыккан.

Kaktus.media басылмасы кылмышка шектелген жаран Баткен району боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер, мушташуу боюнча спорт чебери жана дүйнө чемпионатынын күмүш медалынын ээси, ошондой эле физкультура жана спорттун отличниги болгонун жазган.

Ички иштер министрлиги бул факты боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, учурда ар тараптуу жана объективдүү иликтөө иштери жүрүп жатканын белгилейт.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бишкек: Аялды жана эки баланы өлтүрүүгө шектелип 37 жаштагы киши кармалды