Майлуу-Суу: Психиатриялык ооруканага мыйзамсыз жаткырылган аял бошотулуп, кылмыш иши козголду

Иллюстративдик сүрөт

Майлуу-Суу шаардык прокуратурасы 34 жаштагы аялды психиатриялык ооруканага мыйзамсыз жаткырган укук коргоо кызматкерине жана мекеменин жетекчилигине кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу 22-февралда «Справедливость» укук коргоо уюмунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абаддын Кызыл-Жар айылындагы психиатриялык ооруканага жаткырылган аял 26 күндөн кийин бошотулду.

Шаардык прокуратура бул боюнча «Бийликтен аша чабуу» жана «Психиатриялык стационарга мыйзамсыз жаткыруу» беренелери менен кылмыш ишин козгоду.

Буга чейин, февралдын башында укук коргоочулар Майлуу-Суунун тургуну соттун чечими жок, мыйзамсыз түрдө Кызыл-Жар айылындагы психиатриялык ооруканага жаткырылганын айтып чыгышкан.

Алар «мажбурлап ооруканага жаткыруу жана психиатриялык стационарда кармоо камакта кармоого тете» экенин белгилешкен.

Тургун Майлуу-Суу лампа заводунун балатысын өрттөөгө аракет кылып жаткан учурда кармалып, андан соң шаардын башкы балатысын дагы өрттөгөнүн мойнуна алган. Кийинчерээк ал укук коргоочуларга «төрт баласын жалгыз багып тарбияларын» айтып берген.

Өрт коюу иши «Бирөөнүн мүлкүнө зыян келтирүү же жок кылуу» беренеси менен катталып, үстүбүздөгү жылы 20-январда аялды Ош облустук психиатрия жана наркология борборуна алып кетишкен. Бирок ал жактан анын акыл-эси жайында/жайында эмес экенин аныктоого мүмкүн болгон эмес.

Ал жактан келгенден кийин Майлуу-Суу шаардык милициясынын тергөөчүсү аялды Кызыл-Жар айылындагы психиатриялык ооруканага жаткырууну чечкен. Ал эми төрт баласы Жалал-Абаддын «Ак-Жол» реабилитациялык борборуна жөнөтүлгөн.

«Эми аялга балдарын ал жерден алып кетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү», — деп билдиришти укук коргоочулар.

ТЕМА БОЮНЧА:

Майлуу-Суунун тургуну психиатриялык ооруканага мыйзамсыз жайгаштырылды — укук коргоочулар