Сузак: Архитектура башкармалыгынын кызматкери жер тилкесин мыйзамсыз сатууга шектелип кармалды

Жалал-Абад облусунун Сузак райондук архитектура башкармалыгынын адиси айыл чарба өндүрүшүнө арналган эки жер тилкесин курулуш үчүн мыйзамсыз сатып жибергени аныкталды. Бул тууралуу 24-февралда «Клоопко» УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шектүү «кызматтык абалын пайдалануу менен алдамчылык» боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалды.

Шектүү жерлерди сатууда адамдарды ортомчу кылып, Сузак айыл өкмөтүнүн жасалма токтомун пайдаланганы белгилүү болду. Анын иштеген жерин тинтүү учурунда Сузак айылындагы жер тилкелери боюнча жасалмалоо белгиси бар 200дөн ашык документ табылды.

Учурда шектүүнүн жана ага ортомчу болгон кишинин ушул сыяктуу башка да кылмыштарга катыштыгы бар же жок экени аныкталып жатат.

УКМКнын Жалал-Абад облусундагы башкы башкармалыгы мамлекеттик органдарда жер тилкесин сатууда мыйзам бузуулар болсо, тургундарды 03722 56049, 03722 54961 номери аркылуу кайрылууну өтүндү.

Буга чейин, 16-февралда Жалал-Абад облусунда мамлекеттик кызматкерлерден көптөн бери акча талап кылууга жана алдамчылыкка шектелип прокуратуранын мурдагы кызматкери кармалган.

Ал мурдагы кызматтык наамын пайдаланып, өлкө башчысы, УКМКнын төрагасы жана башкы прокурор менен байланышы бар экенин айтып, мамлекетик органдарды мыйзамсыз текшерип келгени белгилүү болгон.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жалал-Абад: Мамкызматта иштегендерди коркутуп, пара опузалоого шектелген мурдагы прокурор кармалды