Акылбек Жапаров: Тышкы карызды азыр да төлөп койсок болот, бирок эрте төксөк үстөгү көбөйүп кетет

25-февралда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстан тышкы карызын азыр төлөп коюуга даяр экенин билдирди. Бирок бийлик эмне себептен андай кылбай жатканын, «эрте төлөсө, үстөгү көбөйүп кетээри» менен түшүндүрдү.

Жапаров Улуттук телерадиоберүү корпорациясына маек куруп, «Кумтөрдөн» 45 тонна алтын жана 8 тонна күмүш чогулганын билдирди. Анын айтымында, азыр алар Улуттук банкта сакталып турат.

Ошондой эле ал кенден 19 тонна алтын уурдалган-уурдалбаганы жөнүндө журналисттин суроосуна «Кумтөрдүн» ишин текшерген комиссиянын «бир грамм алтын уурдалбасына көзү жетти» деп жооп берди.

«Мындай жоопкерчиликсиз сөздү Адахан Мадумаров айтып чыкканы эсимде. Ошол замат эле президентибиз: "Депутаттык комиссия түзгүлө. Башына Мадумаровдун өзүн койгула. Барып текшерип келип, жыйынтыгын элге жарыяласын" деген сунуш киргизген. Комиссия түзүлгөн. Бирок Мадумаров комиссияны жетектөөдөн баш тарткан. Андан кийин Исхак Масалиевди коюшкан. Кийинчерээк ал дагы баш тартып, Арсланбек Малиевди коюшту», — деди ал.

Жапаров «Кумтөрдүн» ишин текшерген комиссияны жетектөөдөн «баш тарткан» Мадумаров жана Масалиев тууралуу «жоопкерчиликти сезбеген саясатчылар ушундай болот» деген пикирин билдирди.

«Элге жакшы көрүнүш үчүн балп дедиртип жалганды айтып коё беришет. Жоопкерчиликти унутуп коюшат. Сотко берсең жоопко тартылышат. Анан "Саясий куугунтук болуп жатат" деп кыйкырып чыгышат. Бизде тилекке каршы ушундай көрүнүш калыптанып калган. Ошол үчүн саясатчылар жалган айтканды токтотсо жакшы болмок», — деди ал.

Буга чейин «Кумтөрдүн» ишин текшерген комиссиянын мүчөсү Балбак Түлөбаев «эгер президент Садыр Жапаров кааласа Кытайдын 1,8 млрд доллар карызын азыр төлөп коёт» деп билдирген.

«Президенттин жүргүзүп жаткан экономикалык жана саясий саясатын 95% колдойм. [Улуттук банкта] 8 тонна күмүш жана 45 тонна алтын жатат. Мен эсептеп көрдүм, [бул] 4 млрд долларга жакын акча болот экен», — деген депутат.

Финансы министрлигинин 2022-жылдын ноябрына карата маалыматына ылайык, Кыргызстандын тышкы карызы 4,2 млрд долларды түзгөн. Анын ичинен 1 млрд 760 млн доллары — Кытайдын карызы.

ТЕМА БОЮНЧА:

Балбак Түлөбаев: Садыр Жапаров кааласа Кытайдын 1,8 млрд доллар карызын азыр төлөп коёт