Балбак Түлөбаев: Садыр Жапаров кааласа Кытайдын 1,8 млрд доллар карызын азыр төлөп коёт

Эгер президент Садыр Жапаров кааласа «Кытайдын 1,8 млрд доллар карызын азыр төлөп коёт». Бул тууралуу парламент депутаты Балбак Түлөбаев журналистке курган маегинде билдирди.

Депутат «Кумтөрдүн» ишмердигин жана алтындын сатылышын иликтеп чыгуу үчүн түзүлгөн депутаттык комиссиянын мүчөсү болгондуктан көп нерсени айта албасын белгиледи.

«Эгер Садыр Нургожоевич кааласа, Кытайдын 1млрд 800 млн долларын [карызын] азыр төлөп коёт. Улуттук банкта ошол акча жатат. Эгер азыр кааласа, азыр төлөп коёт. Ошондуктан президенттин жүргүзүп жаткан экономикалык жана саясий саясатын 95% колдойм. [Улуттук банкта] 8 тонна күмүш жана 45 тонна алтын жатат. Мен эсептеп көрдүм, [бул] 4 млрд долларга жакын акча болот экен», — деди эл өкүлү.

Финансы министрлигинин 2022-жылдын ноябрына карата маалыматына ылайык, Кыргызстандын тышкы карызы 4,2 млрд долларды түзгөн. Анын ичинен 1 млрд 760 млн доллары — Кытайдын карызы.