Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курамасы Египетте өткөн мелдеште үчүнчү орунду ээледи

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курамасы Египетте өткөн эл аралык мелдеште үчүнчү орунду, ал эми кыз-келиндер курамасы төртүнчү орунду ээледи.

Ibrahim Moustafa рейтигдик мелдешинде грек-рим күрөшү боюнча биринчи жана экинчи орунду Грузия менен Казакстандын курамалары ээледи. Ал эми кыз-келиндер күрөшү боюнча Украина, Кытай жана АКШнын курамалары биринчи үчтүккө кирди.

Мелдеште балбан Айсулуу Тыныбекова 62 килограмм салмактык категорияда алтын медаль тагынды. Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызы коло медалга ээ болушту.

Ал эми балбан Акылбек Талантбек уулу күмүш медалга татыса, Сыймык Махмудов жана Раззак Бейшекеев коло медаль тагынышты.

Мелдеш 23-26-февраль аралыгында Египеттин Александрия шаарында өттү. Анда спортчулар грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча беттеш өткөрүштү.

ТЕМА БОЮНЧА:

Айсулуу Тыныбекова Египетте өткөн эл аралык мелдеште алтын медаль утту