Айсулуу Тыныбекова Египетте өткөн эл аралык мелдеште алтын медаль утту

Балбан Айсулуу Тыныбекова Египетте өтүп жаткан Ibrahim Moustafa эл аралык мелдешинде алтын медаль багындырды. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнөн кабарлашты.

Тыныбекова рейтингдик мелдеште кыз-келиндер күрөшү боюнча 62 килограмм салмактык категорияда күч сынашты. Ал финалдык беттешке чейин Франция, АКШ жана Украинадан келген спортчуларды жеңди.

Ал эми финалда кытайлык атаандашын 3:2 эсебинде утуп, алтын медалга ээ болду.

Мелдеш Египеттин Александрия шаарында өтүп жатат. Анда спортчулар грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча ат салышууда.

Тыныбековага чейин кыргызстандык балбандар 5 медаль багындырышкан — Акылбек Талантбек уулу күмүш медаль, Сыймык Махмудов, Раззак Бейшекеев, Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызы күмүш медалга ээ болушкан.

Айсулуу Тыныбекова — дүйнөнүн эки жолку, Азиянын төрт жолку чемпиону, Токиодогу Олимпиадалык оюндардын күмүш медалынын ээси жана башка көптөгөн мелдештердин жеңүүчүсү.