Новосибирск: Газ жарылганда жаракат алган кыргызстандык аял ооруканада каза болду

Орусиянын Новосибирск шаарында турак үйлөрдүн биринде газ жарылганда жаракат алган кыргызстандык аял ооруканада каза болду. Бул тууралуу 25-февралда ТАСС агенттиги жергиликтүү саламаттык сактоо министрлигине таянып жазды.

Маалыматка ылайык, аял 24-февралда «өпкө эмболиясы» деген диагноз менен оор абалда Бердск шаардык ооруканасынын реанимация бөлүмүнө жаткырылган. Бирок бейтап дарыгерлердин аракетине карабай каза болуп калганы кабарланды.

Новосибирск травматология илим-изилдөө институтунан 9-февралда турак жайда газ жарылганда жаракат алган кыргызстандык аял омурткасына операция жасатуу үчүн ал жерге жеткирилгенин белгилешти.

Операциядан кийин ал 13-февралга чейин реанимацияда жатып, кийин травматология бөлүмүнө которулган. Ал жерде физиотерапия көнүгүүлөрүн жасап, өз алдынча отурганды үйрөнүп жаткан. Тигилген жерлери айыгып, канааттандырарлык абалда реабилитациялык борборго которулган.

«Омуртканын оор жаракаты бар бейтаптар — тромбоз жана тромбоэмболия сыяктуу начарлап кетүүнүн эң жогорку тобокелиндега топ болуп саналат. Ошондуктан мындай бейтаптар белгиленген дарылоо стандарттарына ылайык тромбоз профилактикасынан өтүшү керек. Пациент дагы тромбопрофилактикадан толугу менен өткөн», — деп айтылат билдирүүдө.

Үстүбүздөгү жылдын 9-февралында Новосибирсктеги турак үйлөрдүн биринде газ жарылып эки кыргызстандык жабыркаганы маалымдалган.

Жабыркаган кыргызстандык жигиттин абалы орто оор экени, ал газдан чыккан иске ууланып калганы айтылган. Ал Новосибирск шаардык ооруканасына жеткирилген.

Ал эми аялдын омурткасы сынып, операция жасоо үчүн Новосибирсктеги травматология илимий-изилдөө институтуна жеткирилген болчу.

ТЕМА БОЮНЧА:

Новосибирскте үйлөрдүн биринде газ жарылып эки кыргызстандык жабыркады