Бишкекте өзүн өрттөп жиберген киши ооруканага жеткирилди, териштирүү башталды

Бишкек шаарында 28-февралда өзүн өрттөп жиберген киши ооруканага жеткирилип, териштирүү башталды. Бул тууралуу «Клоопко» Свердлов РИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, милицияга саат 15:50 чамасында Шопоков жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз эркек киши өзүн өрттөп жибергени тууралуу билдирүү түшкөн.

Жерине ыкчам тергөө тобу барып, тез жардам чакырылган. Учурда ал өзүн эмне үчүн өрттөп жибергени такталууда.

Териштирүү иштери жүрүп жатат.